www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо дайындалган күндөн тартып Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) мыйзам бузуулар боюнча 34 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы кабарлады. Арыз-даттануулардын басымдуу бөлүгү шайлоочулардын добуштарынын сатып алынышы тууралуу (17). Мындан сырткары ушунча эле арыз БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна келип түшкөн. Ошондой эле шайлоо алдындагы үгүттөө шарттарынын бузулушу (4), административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланылышы (2), атайын жалган документтердин колдонулгандыгы тууралуу (2) кайрылуулар бар. Аймактар боюнча алганда Бишкек шаары, Чүй жана Ош облусунда даттануулар көбүрөөк.

10 кайрылуу Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталган, алардын ичинен 4 иш боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатат. Алты кайрылуу боюнча кылмыш тутумунун жоктугуна байланыштуу териштирүү токтолуган, дагы экөө Ички иштер министрлигинин кароосунда.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеш эми 90 депутаттан куралып, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет. Шайлоодо ат салышуу үчүн 21 партия каттоодон өткөн.

Президент Садыр Жапаров "Парламенттик шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка 1-ноябрда кол койду.

Мамлекет башчы өз жарлыгында Министрлер кабинетине, Борбордук шайлоо комиссиясына, Башкы прокуратурага, Жогорку Сотко, Тышкы иштер министрлигине шайлоону өткөрүү боюнча тийиштүү талаптарды койду. Жарлыктын негизги маңызы шайлоону таза жана ачык өткөрүүгө багытталганы жазылган.

Анда бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү жана мамлекеттик кызматкерлердин үгүт иштерине кийлигишүүсүнө тыюу салуу, БШК жана бардык укук коргоо органдарына шайлоонун мыйзамдарына көзөмөл жүргүзүү тапшырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости