www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
3-ноябрда АКШнын Лос-Анжелес шаарында Кыргызстандын "Акыркы көч" жана "Шамбала" тасмалары көрсөтүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.
Белгилей кетсек, 1-ноябрда Лос-Анжелесте Азия кинолорунун бүткүл дүйнөлүк фестивалы (AWFF) башталган.
"3-ноябрда кыргыз киносунун салттуу күнү өтүп, "Лэнмарк" кинотеатрында Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы менен Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун "Акыркы көч" фильми көрсөтүлгөн. Иш-чара ийгиликтүү өтүп, ага АКШдагы кыргыздар жана Кыргызстандан барган коноктор катышты", — деп айтылат маалыматта.
Азия кинолорунун бүткүл дүйнөлүк фестивалы быйыл жетинчи ирет өткөрүлүп жатат. Кинофестивалдын максаты — эл аралык маданий кызматташтыкты өрчүтүү жана Азия менен Голливуддун киноиндустрия жаатындагы байланыштарын чыңдоо.
Белгилей кетсек, AWFF кыргызстандык режиссёр Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.
Булак: NazarNews.kg