www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Самарканд шаарында КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин (ТИМК) жыйыны өтүп жатат.

Иш-чараны Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев ачты. Белгилей кетсек, КМШнын ТИМК жыйыны Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүүдө.

Ага Өзбекстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана КМШнын аткаруу комитетинин делегациясы катышууда.

Жыйындын күн тартибине Шериктештиктин алкагындагы кызматташууну караган 11 маселе коюлган.

Жыйынга келгендер аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, КМШ форматындагы көп пландуу өз ара кызматташууну өнүктүрүү келечегин талкуулайт.

Тышкы саясий координацияны бекемдөө иштеринин алкагында КМШ мамлекеттеринин ТИМдери арасында өнөктөштүктү активдештирүү боюнча 2022-жылдагы программасы кандай ишке ашканы каралып, жыйынтыгы чыгарылат. Муну менен катар эле КМШ алкагындагы ТИМдер аралык көп баскычтуу консультациянын планы да күн тартибине кирген.

Учурдагы геосаясий абалдан улам өзгөчө көңүлдү шериктештиктеги мамлекеттерди жана аны менен чектешкен жерлерди коопсуздук менен камсыздоо, тартиптин сакталышына көңүл буруу маселелери каралмакчы.

Отурумдун жыйынтыгында маданий-гуманитардык, билим берүү жана тартип сактоо тармактарында бир катар чечимдер кабыл алынат. Тагыраагы, Патрис Лумумба атындагы Россиянын достук университетине журналист кадрларды чыгаруу жана кайра даярдоо боюнча КМШнын базалык уюму макамы берилмекчи.

Отурумдун катышуучулары колдоого алган документтер андан ары 8-июнда өтүүчү КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын же 13-октябрда болчу КМШ мамлекеттеринин башчыларынын жыйынына бекитүү үчүн киргизилет.

 

Последние новости