www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдин сотторго ишеними жоголгон, эми ишендирүү кыйын. Мыйзам кагаз түрүндө болот, бирок элге алып келүү кыйын. Мындай пикирди бүгүн, 18-июнда NazarNews маалымат агенттигине сот системасына байланыштуу мыйзам долбоорун талкуулап жатып Жогорку Кеңештин депутаты Самат Исманов билдирди. 

--"Мен бул сот системасына байланышкан мыйзам долбоорун карап чыктым. Абдан жакшы, бирок элдин ишенимин арттыруу кыйын. Тактап айтканда, калктын сотторго ишеними жок. Кагаз түрүндө аларды алып келүү кыйын. Эл сотторго ишенбей калганын баарыбыз билебиз. Бул жагы кандай жеткирилет белгисиз. Ошол сотко бара жаткан адамдын моралдык жагын дагы карашыбыз зарыл. Мисалы, ал кандай чечим чыгарат, акыйкат чечим чыгарабы же акыйкатсызбы дегендей.  

Бизде мыйзамдар көп, бирок алар кагаз түрүндө калып, практика жүзүндө ишке ашпай келет. Андыктан эл менен тыгыз иштешип, коррупцияны жоюш керек. Бул мыйзам долбоорлору жакшы. Тилекке каршы соттор элдин ишениминен чыгып кеткен. Негизи сот системасы бийликке баш ийбейт дешет. Бирок соттор сөзсүз бийликтеги адамдарга, Жогорку сотко көз каранды. Сотторду тандоодо ката кетирбей, билимдүү, өзүнүн кесибин билген, мыкты адистерди алып келүү зарыл.

Кыргызстан бир муунду жоготуп алдык. Билимсиздер дипломду сатып алып, ишке орношуп жатат. Ар бир аткаминер көп тил билип, өзүн өстүрүү керек", - дейт эл өкүлү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости