www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самолет айдаган король

Нидерландынын королу Виллем-Александр тактыга олтургандан бери атын жашырып, көп ирет жүргүнчүлөр олтурган учакты айдап-учканын ачыктады.

Монарх экинчи учкуч катары KLM рейстери менен учкан, а жүргүнчүлөр кээде үнүнөн таанып коюшчу экен. Ал учкуч лицензиясын сактап калуу үчүн Fokker 70 орто аралыктагы чакан учакка “мейман учкуч” катары штурвалга олтурган.

Штурвалга олтурганда король жүргүнчүлөр менен үналгы менен байланышып, бирок ысымын атабаган, анткени экинчи учкуч аты-жөнүн айтууга милдеттүү эмес.

Король Виллем-Александр 2013-жылы энеси каныша Беатрикс тактыдан башка тартканда, тактыга келген.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости