www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таиланд авиа каттамдары (Thai Airways) коронавирустан улам саякатка чыга албай, учакта тамак жегенди сагынгандар үчүн учуу убагында берилчү тамактардан турган ресторан ачты. Бул тууралуу BBC Türkçe малымат порталы жазган.
Компаниянын Таиланддын борбору Бангкоктогу имаратынын ашканасы долбоорго ылайык тыштан келгендерди тейлөөчү ресторанга айланды. Кардарларды экономикалык жана бизнес класстарда тейлеген ресторанда эски самолёт моторлорунан жасалган стол жана учак креслолору көңүл бурдурбай койбойт.
Кардарларды учактагы сыяктуу эле стюардессалар тейлеп, ресторандагы тамактын баасы 3-5 доллардын тегерегинде. Ал эми ресторанга кирүү үчүн атайын жеке карта алуу керек.
Терезелери учактагыдай жасалгаланган ресторанга кирерде чын эле учакка түшкөндөй тепкичти көрүүгө болот. Эртең менен 7де ачылып, 9га чейин эртең мененки тамактар берилет. Ресторанга баргандан кийин Reuters маалымат булагына оюн билдирген 50 жаштагы Канта Аканитпрачай: “Thai Airwaysтин тамактарын жакшы көрөм. Бирок мурда буларды самолётто гана жечүбүз”, - деген.
Белгилей кетсек, Таиланд авиа каттамдарынын 48% мамлекетке карайт. Пандемияга байланыштуу өлкөдөгү аба каттамдар 4-апрелде токтотулган.
Булак: NazarNews.kg