www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтынбек Сулайманов Ноокат районуна караштуу Бел-Кайрагыч айылынын эли менен болгон жолугушууда башкаруу системасы тез, ыкчам жана жеңил болуш керектигин билдирди.

“Кыргызстанды адам укуктары, жарандардын эркиндиги сакталган өлкө катары көргүм келет. Ошондой эле биздин команда мекенибизди эң биринчи адамдын өмүрү, ден соолугу, укугу жана эркиндиги эң чоң баалуулук катары каралып, компетенттүү адамдар башкарган өлкө катары көргүбүз келет. Кыргызстан чоң реформага муктаж. Медицина менен билим берүү тармактарын үстүртөдөн гана реформалап жүрөбүз, бирок бул да натыйжа бербей жатат”, - деди А.Сулайманов.
Ошондой эле системаны эски адамдар өзгөртпөй тургандыгын, анткени алар ушул система менен калыптанып калганын айтты.

“Биз, биздин команда жаратман, жаңы, билимдүү күч катары дал ушул системаны өзгөртүүгө баратат. Ал үчүн элдин, силердин колдооңор керек!” - деди ал.

Белгилей кетсек, партиянын программасында билим берүү системасында каражат мектепке эмес, балага бөлүнөрү жазылган. Ал ваучердик система деп аталат. Ваучердик система: ар бир окуучу же студент билим алууга керек акчаны ваучер түрүндө алып, каалаган мектепти жана университетти тандайт. Окуу жайлар ваучер топтоо үчүн бири-бири менен атаандашып, билим берүү сапатын жакшыртып, мыкты мугалимдерди тартып, жакшы шарттарды түзүүгө мажбур болушат.


Кечээ, 14-сентябрда “Бир Бол” саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, депутаттыкка талапкерлер Акжол Зулумов, Рустамбек уулу Советбек, Дүйшөн Төрөкулов жана партиянын башка мүчөлөрү Ош облусуна караштуу Ноокат районунда эл менен жолугушуу өткөрүүдө.

Последние новости