www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги жарандык активист Самсаалы Четинбаев менен айрым жагдайдар боюнча пикир алыштык. 

-Самсаалы мырза, эмнеге 5 жыл кворум менен башы оорубаган парламент Садыр Жапаровдун талапкеригин кароодо кворумга басым жасап, мурунку чечимдерди жокко чыгарып бүгүн араң бекитишти?

-Бүгүн укуктук талааны спорлошо турган убак эмес. Бүгүн саясий эрк менен чечим алып, элибиздин тынчылыгын, мамлекетибиздин бүтүндүгүн ойлочу мезгил. Баардык саясий топтордун иш-аракети туруктуулукту орнотууга багытталышы керек деп ойлойм. Укуктук талаа деп талаша  берсек иш бүтпөйт. Тескерисинче араң турган акыбалды ырбатып алышыбыз мүмкүн. Саясий оюнду токтотушубуз керек. 

-Абалды кандай жол менен эпке келтиришибиз керек?

-Бардык маселе сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керек. Башка жол жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес.

-Абалдан чыгуунун жолу жаңы шайлообу?

- Абалды турукташтырып алган соң сөзсүз жаңы шайлоо жарыяланышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости