www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов Жогорку Кеңештин курамын бекиткен жыйында агынан жарылып, ачуу чындыкты айтты.

Жыйында сүйлөгөн сөзүн өзгөртүүсүз беребиз.

“Урматтуу коллегалар, бардык нерсени ачык-айкын айтышыбыз керек. Оор кырдаал болгондо колубуздан келишинче чогулуп, стабилдештирүүгө бардык аракеттерди жасадык. Ошол кезде кээ бир депутаттар укуктук талаага келели деп аракет кылышты. Кээ бир саясатчылар, депутаттар   чемоданын көтөрүп алып аэропортко качышты. Бүгүн ошол кезде стабилдүүлүктү орноткон депутаттардын чечимин күмөн санап жатасыңар. Аэропорттон качып кеткендер  кайра келип, кресло талашмай башталды. Азыр папка, кресло талашкандар ошондо кайда элеңер? Четке чыгып карап турбадыңар беле. Укуктук талаага келишибизге Мыктыбек Юсупович туруп берди. Силер кечээ күнкү аракетиңер менен Мыктыбек Юсуповичтин спикер катары шайланганын тааныбай жатасыңар. Бардык абалды эл карап турат.  6-чакырылыштын мөөнөтү  бүтүп баратат. Жок дегендер элдин алдында өз милдетибизди аткарып, аягына чейин иштеп берип кетели. Бүгүн элдин талабы башка. Жаңы адамдар келсин деген талап коюп  жатышат. Чындыктан тайсалдабай элдин талабын аткарууга жапа тырмак киришели. Адилеттүү чечим чыгарып берели” деди Талант Мамытов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости