www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги жарандык активист Самсаалы Четинбаев менен айрым маселлердин алкагында ой бөлүштүк.

--Самсаалы мырза, абал оорлошуп, илдетке кабылгандар ооруканаларга батпай калды. Мындай учурда карантин киргизилсе, өзгөчө кырдаал жарыяланса колдоого аласызбы же каршы болосузбу?

--Элибиз кырылып калбаш үчүн ылайык келген баардык иш-аракеттерди уюштурушубуз керек. Мурунку жолу карантин болгондо бир топтору ишенген да эмес. Эми өз көздөрү менен көрүп ынанып атышат. Элдин саламаттыгы үчүн кандай режим киргизсе да колдобоого аргабыз жок. Эң биринчи орунда - элибиздин саламаттыгы турат.

--Шайлоонун белгиленгени да президентке болгон сынды күчөттү. Шайлоо күнүн аныктап президент туура кылдыбы же эпидемияны эске алышы керек беле?

--Президент шайлоо күнүн белгилеп туура эле кылды. Себеби, шайлоо күнүн белгилөө мыйзамдын талабы. Ага чейин да убакыт бар. Буюруса, апаат ал күндөргө жетпей өтүп кетет деген үмүттөмүн. Шайлоо өз убагында  болушу керек.

--Шайлоодо да эпидемиялык абал токтобосо не болот?

--Эпидемиянын эң оор күндөрү июль айларына туура келерин эксперттер айтып жатышат. Буюруса, шайлоо иштери башталгыча илдеттен арылып калабыз го деген үмүттөмүн.

--БШКнын партиялардын каражатына болгон көзөмөлдүү күчөөтүүгө багытталган жоболору жыйынтык береби?

--Шайлоо мыйзамдары да жаман эмес. Эң биринчи көзөмөлдү эл өзү колго алышы керек. Ошондо гана шайлоо таза өтөт. Шайлоонун таза өтүшүнө эл көбүнчө кызыктар болушу абзел. Жаңыланууну эл өзү колго албаса болбойт.

--Премьердин шайлоого деген акчаңарды илдет менен күрөшүүгө жумшагыла дегени арга кеткендеги сөзбү же берген жардамыңар шайлоодо жоопсуз калбайт дегениби? 

--Премьер-министрдин ал айтканы айла кеткендеги сөз. Бийликтин алсыздыгын моюнга алуусу. Апаат келет дегенге жарым жыл болду. Өкмөттүн жасаган даярдыгына баарыбыз күбө болуп жатабыз. Эң жөнөкөй даярдыктар көрүлбөгөн. ИВЛ аппаратынын жетишсиздигинен күч келгенде элдер өздөрү акча чогултуп чуркап жүрүшөт. Жарым жыл эшек такалап олтурдубу даярданбай? Эл аралык финансылык институттардан деле акча келбеди беле? Булардын жоопкерчилиги сотто каралыш керек. Мынчалык шалаакылык жоопкерчиликсиз калбаш керек.

--Келээрки шайлоодо талапкерлер эпидемиялык абалга жардам бергени эске алынышы керекпи же башка критерийде тандашыбыз зарылбы?

--Эл талапкерлерди эл өз элегинен эл үчүн кызмат кылам деген эр азаматтарды өткөрүшү керек. Уралап мурдагыдай кылып, жардам берип атат деп ар кошконду шайлай берсек, анда өз шорубуз өзүбүздө болуп калат. Тагыраагы, тазарууну эл өзү башташы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости