www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Самсаалы Четинбаев менен Өмүрбек Суваналиевдин чулгандуу билдирүүсү боюнча пикир алыштык.

-Самсаалы мырза, Өмүрбек Суваналиевдин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын курултайындагы билдирүүсү түрдүү талкууга жем таштады. Бири ачуу чындыкты айтты десе, экинчиси популисттик кылып, шайлоодо көп добуш алуунун аракетин көрүп жатат дешүүдө. «Бийликчил» деген партиянын баары Камчы Көлбаевге таандыкпы?

-Бизде дайыма ушундай, кашайып. Шайлоонун алдында чуулгандуу маселени айтып чыкмыш болот да, бийликке жеткенден кийин дымып жок болот. Бул сөз бир эле Суваналиевге эле тийешелүү эмес, баардык мен мен деген төшүн каккан саясатчыларга тийешелүү. Анан да Суваналиев айткан сөз эл үчүн жаңылык деле эмес, ал сөз эл арасында байма бай эле айтылып жүрөт. Мүмкүн чындыр, мүмкүн жөн эле ушактыр, бир беткей айтыш кыйын. Эгер чын эле Коля “киргиз” Суваналиев айткандай деңгээлде баарын көзөмөлдөп калса, өзү Коопсуздук Кеңеште иштеп атканда эшек такалап олтурдубу? Маселе көтөрүп ушул багытта иш алып барса болот эле да, туурабы? Түштөн кийин шайлоого упай топтош үчүн кыйкырбай. Мен бул сөзүм менен бийликке же дагы бирөөгө жан тарткан жокмун. Мен реалдуу акыбалыбызды айтып жатам.

Баса, 2010-жылы Ош окуясында, Суваналиев өрттөнүп жаткан Ошту таштап дезертирлик кылып баса берген. Ал киши анда Ош областынын УВДсынын башчысы, жана Ош шаарынын коменданты болчу. Шылтоосу, «Убактылуу Өкмөт референдум өткөрөм деп атат» деген сөз болгон. Ооба, мыйзамдуулук жактан алганда Убактылуу Өкмөттүн референдум өткөрүү саясаты катадыр, бирок ал генерал, өз элинин чыгаан жигити катары эки жаат болуп согушуп кырылып аткан элин таштап кетип калбаш керек эле...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости