www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Самсаалы Четинбаев менен пикир алыштык.

--Кыргызстанда дарыгерлердин, дары-дармектердин жетишсиздиги, өлүмдүн азайбай жатканы өкмөттүн чабалдыгын, координациянын жоктугун көрсөтүп жатабы? 

--Албетте, эгер баардык шарт бар болуп туруп адамдар каза болуп калып атса анда бир жөн эле. Көпчүлүк адамдар эң жөнөкөй нерселердин жоктугунан каза болуп калып жатышат. Өкмөт пандемияга каршы алгылыктуу даярдык көрө алган эмес. Кислород берген концентраторлор, дарылар, ооруканадагы койкалар, врачтар жетишсиздигинен адамдар өлүп калган учурлары көп болуп жатат. Жымсалдай бербей ачуу чындыкты айтчу мезгил келди.

--Ассоль Молдокматова Путинге аргасыздыктан кайрылдыбы же бийликке болгон ишенимдин жоктугунан ушундай кадамга бардыбы?

--Ассоль Молдокматова апаат менен түздөн-түз күрөшүп чуркап жүргөн адам. Көйгөйдү ичинен көрүп жатат. Билет. Путинге кайрылганы аргасыздыктан болду го деп ойлойм. Акыбал өтө оор, даарылар жетишсиз болуп атканы чындык. Бир мисал айтайын: Биз бүгүн бир таанышыбызга гепарин керек болуп калып, беш киши жарым күн издеп араң бир коробка таптык. Ал дагы бироо аллергия болуп атам деп бир ай мурун алып койгон бир коробка экен. Өз баасына 900 сомго эле берди. Кече так ошол даарыны даагы бир таанышыбызга керек болуп жабылып издеп атып, түндө 3500 сомго тапканбыз. Акыбал оор чынында. Мен Ассолдун кылганына туура эле түшүнөм. Шалтурук өкмөткө ишениш деле болбой калды.

--Эл илдеттин азабын тартып жатканда коронавируска кабылдык деген жогорку посттогу кызматкерлер элдин алдындагы жоопкерчилигин сезип, кызматын тапшырышы керекпи?

--Эгер кызматын аркалай албаган абалга жетсе сөзсүз тапшырышы керек. Ыкчам кыймылдап, иш алып барчу мезгил азыр. Саат сайын жарандарыбыз каза болуп аткан мезгилде шалаакылыка жол бербешибиз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости