www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин аткаминерлер камалса эле ооруп калат, иттики. Ага дейре ден-соолуктарына карабастан эле жер үчүн катуу иштешет окшойт. Же качан ичип-жеп алган соң «ден-соолукту карайлы, эми» дешкендериби, айтор жоопкерчилик дегенге келгенде эле соо бирөө жок. Ушул жылдын январында Бишкектин Жылуулук электр борборунда авария болуп,шаар бир нече күн жылуулуксуз жана жарыксыз калганы жакшы эле болгон экен.

Дегеним, аталган окуя бир жыл мурун модернизацияланган ЖЭБге карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын сол чөнтөккө соймоңдогон бойдон кирип кеткенин ачыктабадыбы. Мына ушул окуя боюнча негизги күнөөлүү делгендердин бири Салайдин Авазовдун абакта ооруп жатканы айтылууда. Жалал-Абад шаарынын мэри болуп турган Салайдин Авазов ТЭЦтеги авария боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган. Авазов буга есйин «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору болуп иштеген. Кызык, миллиондорду «жеп» жатканда «Кантип сиңирем?» -дееп ойлонуп коюшпаптыр ээ?

Булак: "Де факто"

Последние новости