www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылга карата Санариптик өнүктүрүү министрлигинде жана анын ведомстволук уюмдарынын бюджетинин аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлгөн.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, аудиттин жыйынтыгында аныкталган жалпы каржы бузуулардын суммасы 979 млн 244,2 миң сомду түздү. Анын ичинен 90 млн 421,5 миң сому калыбына келтирилди. Дагы 122 млн 418,3 миң сому калыбына келтирүүгө тийиш. Анын ичинен:

  • КР бюджеттик тутумунун тиешелүү бюджет долбоорлорун түзүүдө жана кароодо кетирилген бузуулар – 6 млн 769,2 миң сом;
  • КР бюджеттик тутумунун жана чоң мамлекеттик лш менен катышкан чарба жүргүзүүчү субъекттердин бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 234 276,4 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 1 млн 181,6 миң сом; калыбына келтирилди – 463,3 миң сом;
  • Мүлктү колдонуудагы бузуулар жана кемчиликтер – 9 507,4 миң сом, анын ичинен: алыбына келтирүүгө тийиш – 643,3 миң сом; калыбына келтирилди - 29,9 миң сом;
  • Эсеп жана отчеттуулук тартибин бузуулар – 449 млн 471,4 миң сом, анын ичинен калыбына келтирүүгө тийиш – 120 млн 593,4 мин сом, калыбына келтирилгени – 89 млн 928,3 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө КР мыйзамын бузуулар – 279 млн 219,8 миң сом.

Белгиленгендей, аудиттин жыйынтыгы боюнча тиешелүү жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости