www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-июлда Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын жүрүшүндө "Көк-Арт" чакан ГЭСин ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орун алган “Көк-Арт” чакан ГЭСинин курулушу 2023-жылдын августунда башталган. Гидроагрегаттын кубаттуулугу 6,8 МВт түзөт. Жылына болжол менен 25 млн кВт/саат энергия иштеп чыгат.

Чогулгандарды “Көк-Арт” чакан ГЭСинин ачылышы менен куттуктап жатып, Мамлекет башчысы бул гидроэлектростанция аймактын өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгиледи. Ал ошондой эле бул ГЭСтин кыска убакытта бүтүшүнө Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салымы чоң болгонун айтты.

ГЭСтин курулушуна тартылган жалпы инвестициялардын көлөмү 7,8 млн АКШ долларын түзөт. Бул сумманын жарымы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салымы, калган жарымы жеке инвестордун салымы болду.

Президент Садыр Жапаров өндүрүлгөн электр кубаты Сузак районунун 10 миңден ашуун калкынын муктаждыгын канааттандырууга жетиштүү экенин айтып өттү.

Мамлекет башчысы бүгүн ачылышы болуп жаткан чакан ГЭСтер – жаңы ГЭСтерди куруу боюнча иштердин башталышы экенин ишендирип өттү. Ал төрт жылга жакын убакыттын ичинде коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жүрүп жатканын, бул тартипти калыбына келтирүүгө жана өлкөдөгү долбоорлордун натыйжалуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Президент коомдун колдоосу менен, жалпы аракеттин аркасында мамлекеттик башкаруунун системасы калыбына келтирилип жатканын айтты, бул болсо мамлекеттин кирешелерин олуттуу көбөйтүүгө, экономикалык өсүшкө жетүүгө мүмкүндүк берди.

Президент Садыр Жапаров “Бала-Саруу” ГЭСи, “Ысык-Ата” чакан ГЭСи сыяктуу ГЭСтер ишке берилгенин айта кетти. Ошондой эле ал ири “Токтогул” ГЭСинин экинчи агрегатын жана “Үч-Коргон” ГЭСинин төртүнчү агрегатын ишке киргизүү пландаштырылганын билдирди.

“Исфайрам-1”, “Белес”, “Авлетим”, “Лейлек”, “Курак-Тектир”, “Адын-Үңкүр”, “Буйга”, “Кожо-Кайыр”, “Кара-Жыгач”, “Ленинполь” жана “Аманат” ГЭСтери да ишке кирүү алдында турат. Аталган ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 140 мегаваттка жакын болот.

Президент Садыр Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун да айтып, ага инвесторлор табылганын, суу байлыгын туура, үнөмдүү пайдалануу менен жакынкы келечекте өлкө өндүргөн электр энергияны экспорттоп баштай турганын белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле дарыялардын башында туруп, өлкө системалуу түрдө электр энергиясынын жетишсиздиги көйгөйүнө туш болгонун баса белгиледи. Ал эми акыркы эки жылда ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун аркасында абалды жакшыртып, олуттуу кадамдарды жасады.

Сөзүнүн аягында Президент аталган долбоорду ишке ашырууга салым кошкондугу үчүн бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, Өкмөт мындай гидроэлектростанцияларды куруу үчүн колдон келгендин баарын жасай турганын баса белгиледи.

ГЭСти карап чыккандан кийин Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен баарлашып, алардын суроолоруна жооп берди.

Жергиликтүү тургундар Мамлекет башчысынын ишмердүүлүгүнө толук колдоо көрсөтөрүн айтып, алдыга койгон максаттарга жетүүдө ийгиликтерди каалашты.

Последние новости