www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин иши боюнча прокурор Айжан Аймаганова жаңы кызматка дайындалды. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы  Астана прокуратурасы тастыктаганын жазды.

Маалыматка ылайык, Аймаганова Астана шаардык прокуратурасынын мамлекеттик айыптоону колдоо жана апелляциялык инстанцияга катышуу боюнча башкармалыгынын башчысы кызматын жетектөөдө.

Ал арада Куандык Бишимбаев менен анын бир тууганы Бахытжан Байжановдун иши боюнча сотто Айжан Аймаганова баш калаанын прокурорунун улук жардамчысы болуп туруп, мамлекеттик айыптоону колдоду.

Буга чейин Бешимбаевдин иши боюнча прокурор наамынан жогорулаганы белгилүү болгон.

Айжан Аймаганова өзүнүн социалдык  баракчасына подполковниктин погондору менен ("Юстициянын кеңешчиси"класстык чени) формачан чыккан жаңы публика жарыялаган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости