www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Дүйнө сулуу айымы” конкурсунун байге ээси Сания Шакированын өлүмүнө "милиция кызматкери күнөөлүү" деген маалыматты Ысык-Көл милициясы четке какты. Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча кырсыкка кабылган унаанын рулун башкарып бараткан айдоочу милиция кызматкери болгон эмес. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.
- "Унааны айдап бараткан 31 жаштагы жаран милиция кызматкери" деген божомолдор айтылууда. Бул божомолду биз расмий түрдө четке кагабыз. Ал милиция кызматкери эмес. Анын тек-жайын аныктап, сурамжылоо жүргүзгөндө ал убактылуу эч жерде иштебегенин билдирген. Учурда козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иши уланып жатат, - деди Усубакунов.
2-июнда болгон жол кырсыгы “Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" конкурсунун байге ээси Сания Шакирова каза таап, айдоочуну кошкондо эки адам жабыркаган. Авария Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында болгон. Сания Шакирова жана анын болочок жолдошу түшкөн таксинин айдоочусу автоунааны башкара албай калып, жолдун четиндеги мүрзөнүн дубалын сүзгөн.
Буга чейин кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу мас абалында болгонун милиция билдирген эле.
Булак: NazarNews.kg