www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-августта Ысык-Көл райондук сотунда дүйнөлүк сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакирова каза болгон жол кырсык боюнча соттук процесс башталды.
Сот отурумуна айыпталуучу, анын жактоочусу, С.Шакированын үй-бүлөсүнүн жана балдарынын жактоочусу катышты.

Соттук процесстин башталышында жабырлануучунун жактоочусу айыпталуучунун Бишкек шаарында жашаган жеринин дареги дал келбей жатканына токтолуп, ар кандай маалымат каттарда ар түрдүү даректер көрсөтүлөнүн айтты.
31 жаштагы айыпталуучу К.Ч жашаган жерин 3 ай мурун өзгөрткөнүн так датасын билбей турганын билдирди. Ошондой эле, ал бул тергөөчүнүн катасы болушу мүмкүн экенин айтты.

Мындан тышкары, жабырлануучунун жактоочусу айыпталуучу өз көрсөтмөсүндө 2017-жылдын наябрь айынан тарта аялы менен жашабаганын жана бир чарба жүргүзбөгөнүн көрсөткөүнүн билдирди.
«Сурактын эки протоколу бар. Экинчисинде силер аялыңар жана балдарыңар менен жашаганыңарды жазыптырсыңар. Ошондо кайсыл көрсөтмөңөр чындакка дал келет? Тергөө учурунда берген көрсөтмөңөрбү же азыркыбы?» деп сурады жактоочу.

Ал эми айыпталуучу К.Ч. ошол убакта аялы менен убактылуу жашабаганын жана учурда жашап жатканын билдирди.
Жактоочу шектүү жаран дарегин өзгөрткөн учурда ал тууралуу соттук органдарга билдирип коюшу керектигин белгиледи.

Кийинки соттук иш 23-августка жылдырылды.

Окуя тууралуу

2018-жылы 2-июнда саат 22:00 чамасында Каракол—Чолпон-Ата—Балыкчы унаа жолунун 52-чакырымында, тактап айтканда Чок-Тал айылынын аймагында жол кырсык болгон. «Равон Нексия Р3» үлгүсүндөгү унаа жолдун четиндеги мусулмандардын көрүстөнүндөгү пескоблоктон тосулган тосмону сүзүп, жараксыз болуп талкаланган. Бул унаадан бир адам (аял киши) каза болуп, эки эркек киши жаракат алганы маалымдалды.

Андан көп узабай окуя болгон жерде көз жумган жүргүнчү Кара-Балта шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Сания Шакирова экени такталды.

Адам өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыгына кабылган «Равон Нексия Р3» автоунаасы «Намба такси» фирмасына таандык. Аталган унаа Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу борборунан чыгып, Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

С.Шакированын жанындагы жүргүнчү Р.С. Чолпон-Ата шаардык ооруканага жеткирилип, дарыгерлер баш сөөгүнөн жаракат алган, баш мээси чайкалган, бети тытылган деген корутунду чыгарышкан. Р.С. биринчи медициналык жардам алгандан кийин Бишкекке жөнөтүлгөн. Ошондой эле автоунаанын айдоочу К.Ч. да Бишкектеги ооруканага жеткени маалым болду.

Бул жол кырсык боюнча 3-июнда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Айдоочу К.Ч.нын көрсөтмөсүндө «Равон Нексия Р3» унаасы Тимур аттуу досуна тиешелүү болгон деп билдирген. Ал 31-майда С.Шакирова жана С.Р. менен чогуу Чолпон-Ата шаарына эс алууга барган. Ушул жерден К.Ч. досу Тимур менен автоунаасын алмашып, 2-июнда болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

Кийинчерээк Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, талкаланган унааны ИИМдин Адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын мурунку башчысынын уулу башкарып бара жаткан. Айдоочунун атасы — милициянын полковниги, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын биринен талапкер болуп каталган.
Ал эми, унааны башкарып жүргөн 31 жаштагы К.Ч. ИИМдин атайын мектебинин курсанты болуп, кийин Адистештирилген күзөт кызматынын Бишкектеги райондук бөлүмдөрүнүн биринде эмгектенген.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин катчысы Сталбек Усубакунов айдоочу учурда милиция кызматкери эмес, деп билдирди. Анын айтымында, көрсөтмө берген учурда айдоочу убактылуу эч жерде иштебей турганын айткан.
«Айдоочу — 1987-жылы туулган К.Ч. милиция кызматкери деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Биз бул маалыматтарды дагы бир ирет текшерип чыктык. Айдоочу милиция кызматкери эмес», - деди С.Усубакунов.

Булак: "Турмуш"

Последние новости