www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жапаров жана анын командасы чоң укуктук башаламандыкты жаратышты. Бул тууралуу юрист Сания Токтогазиева өзүнүн Фейсбук баракчасында жазып чыкты.
“Жапаров жана анын командасы чоң укуктук башаламандыкты жаратышты. Бүгүн президентти 2010 конститициянын эрежелери менен шайлап жатабыз. Референдумдан кийин конститиция өзгөрөт, ошого жараша жаңы президенттик шайлоо болушу керек. Бирок алар кайра шайлоо өткөрбөйт. Бул дагы одоно бузуу. Мөөнөтү бүткөн парламент менен конституция кантип ишке кирет? Парламенттик шайлоо качан өтөт? Жергиликтүү кеңештердин шайлоосу качан өтөт? Кандай эрежелер менен өтөт? Биринчи ирет мамлекеттик органдарды легитимдештирүүгө, өлкөнүн саясий, укуктук жана экономикалык абалын стабилдештирүүгө баардык күчтү жумшагандын ордуна өзүнүн референдум жана конституциялык реформасы менен башаламандыкты жаратты”,- дейт Токтогазиева.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg