www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөдө жана анын ичинен Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус илдетинин (COVID-19) пайда болушуна байланыштуу, Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан аталган илдеттин мындан ары жайылышын болтурбоо үчүн бир катар алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан адамдардын көп топтолуусунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча айрым чектөөлөр киргизилген. Бирок бардык көрүлүп жаткан чаралар көп учурда аткарылбай келет. Ушуга байланыштуу, Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан бир катар алдын алуу жана рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралар учурунда КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 127-беренеси (Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) менен 15 материал катталган.
Алардын ичинен Аламүдүн РИИБге 7 материал, Жайыл РИИБге 5 материал, Ысык-Ата, Панфилов, Сокулук РИИБге 1 материалдан катталган.
Азыркы учурда ички иштер органдары тарабынан 5 материал боюнча айып пул салынып, 3 материал соттук органдарга жөнөтьүлдү. КЖБРге катталган калган материалдар боюнча азыркы учурда зарыл болгон тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg