www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти өлкөдөгү текстил саткан базарлар менен дүкөндөргө текшерүү жүргүзөт.
Буга Казакстандын Караганды шаарында Кыргызстандан өндүрүлгөн кийим продукциясында формальдегид уулуу заты табылды делген маалымат себеп болгонун аталган департаменттин башчысы Төлөн Исаков “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, казак тарап бул маселеге байланыштуу расмий түрдө кайрыла элек.
- ЕАЭБ шартына ылайык, казак тарап бизге кат жүзүндө кабар бериши керек эле, бирок азырынча кайрылыша элек. Биз казакстандык агенттиктер жарыялаган маалыматтарды иликтөө иштерин баштадык. Бишкектеги текстил сатылган "Дордой", "Ош", "Мадина", Кара-Суудагы базарларды текшерүүнү баштадык. Формальдегид -кездемелердин курамына кошулуучу зат. Бизде сатылган кездемелердин 90% Кытайдыкы, калганы Түркия, Корея жана башка өлкөлөрдөн келет.
Кыргызстанда текстил жана кийим-кечелердин сапатын текшерүүчү үч ири лаборатория бар. Былтыр өлкөдө тигилген балдар жана чоңдордун кийимдерине жүзгө чукул иликтөө жүргүзүлүп, бензол, формальдегид, толуолдун курамын аныктоодо белгиленген өлчөмдөн ашыкча уулуу заттар чыккан эмес.
23-февралда Казакстандын Караганды облусунда Кыргызстанда тигилген балдар кийиминен уулуу заттар табылганы тууралуу "Tengrinews" сайты коомдук саламаттыкты коргоо департаментинин жетекчисинин орун басары Юрий Залыгинге шилтеме берип кабарлаган. Анда шаардык санитардык кызматы дүкөндөрдө жана базарларда сатылган балдар кийимдеринде зыяндуу формальдегид затынын өлчөмү нормадан көп экенин аныкталганы айтылган. Маалымат каражаты товарлар соода жүгүртүүдөн алынып, аны сатып жаткан ишкерлерге 200 миллион теңге айып салынганын жазышкан.
Булак: NazarNews.kg