www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө болгон иш сапарыбызда аталган РИИБдин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык улук тескөөчүсү, милициянын капитаны Санжар Сатаров менен өспүрүмдөр, алар аралашкан кылмыштуулук, келечек муундарга карата жасалган камкордук туурасында маектештик.

-Санжар мырза айтсаңыз канча убакыттан бери жана кайсы кызматтарда иштеп келе жатасыз?

-Мектепти аяктагандан кийин аскердик кызматына чакырылып, атуулдук милдетимди ИИМдин ички аскер кызматында өтөдүм. Ошондогу ички аскер кызматын өтөгөн балдардын көпчүлүгү кийин милиция кызматкери болуп иштеп калышат. Мен дагы 1998-жылы Бишкек шаарындагы күзөт полкуна катардагы кызматкер болуп кызматка кирип, 9 жыл Бишкек шаарында иштеп, 2009-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы күзөт бөлүмүнө которулдум. Ал учурдагы жетекчилер Молдоусупов Сталбек Кыдыралиевич жана Азаров Талгат Токтосуновичтердин жардамы менен алгачкы офицердик наам алгам. 2014-жылы үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу Ат-Башы РИИБдин Баш-Кайыңды МАБдын милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү кызматында иштеп, 2016-жылдын сентябрь айынан бери ЖӨИИнын аймактык улук тескөөчүсү кызматында иштеп келе жатам.

-Балдар менен иштешүүдө эң башкысы кандай сапатка эгедер болуу керек?

-Азыркы убакта балдар менен иштеш өтө оор, ага карабастан ар бир жаш өспүрүмдүн мүнөзүн психологиясын жакшылап билип, ошого жараша мамиле кылуу керек. Жаш балдардын тилин таап сүйлөшө билүү чындыгында кыйын. Өздөрүн чоңоюп калгандай сезип турган учурда өспүрүмдөргө орой мамиле жасоо дагы балдардын кандайдыр бир кылмыш жасоосуна түрткү болушу мүмкүн. Балдар менен иштешүүдө эң башкы сапат бул өспүрүмдөрдүн тилин таба билүү, кайсыл убакта алдап же сестентүү менен туура жолго сала билүүнү өздөштүрүү деп ойлойм.
 

-Технология өнүккөн азыркы коом балдардын аң сезимине кандай таасир берүүдө деп ойлойсуз?

-Ооба азыркы учурда технология өнүккөн заман. Телефон, интернет, компьютерсиз иш да жүрбөйт. Райондун аймагында азыркы убакта интернет клубдар жок, бирок ар бир жаш өспүрүмдө уюлдук телефондор бар, уюлдук телефондордун жакшы жагы билим министрлигинин сайтына киришип окууга керектүү ар кандай маалыматтарды ала алышат. Ал эми жаман жагы ар кандай сайттарга киришип, окууга көңүл бөлбөй калган учурлар дагы кездешет. Ошондуктан жаш өспүрүмдөр менен иштөө тескөөчүлөрүнүн кызматкерлери мектептеги социалдык кызматкерлер менен биргеликте окуучулар жана ата-энелер арасында жыйналыштарды өткөрүп, уюлдук телефондорду мектептен тышкаркы убакта колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жазап жатабыз.
 

-Балдар менен иштешкен дүйнөлүк, эл аралык, жергиликтүү ар кандай уюмдар бар, алар менен иш алып барасыздарбы?

-Жаш өспүрүмдөр менен иштөө тескөөчүлөрү, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү, айыл өкмөттөрү, саламаттыкты сактоо бөлүмү жана имамдар менен биргеликте райондун аймагында жайгашкан 21-мектепке үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, өзүн-өзү өлтүрүү, экстремизм терроризм, жугуштуу ооруларды алдын алуу жаатында окуучуларга жана ата-энелерге жыйналыштарды өткөрүп турат. Анткени кийинки убакта жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктар көбүрөөк болуп, жана ички тышкы мигранттын балдары ар кандай зомбулукка кабылган учурлар кездешүүдө.
Өспүрүм курак - бул балдардын көргөн жана уккан нерселерин кабыл алуусу жакшы өрчүп турган курагы. Ошондуктан жакшы, керектүү жана пайдалуу кеңештер көп айтылып, максаттуу маектер курулуп турса балдарды жакшы жолго бурганга чөң өбөлгө болот десем жаңылышпаймын.

-Өспүрүмдөр арасындагы чыр чатакты жоюу биримдикке, ынтымакка чакыруу жаатында иштер кандай жүрүүдө?

-Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту жана топтошуп мушташууларды алдын алуу боюнча мектептерде ар кандай спорттук мелдештерди жана оюн-зоок программаларды мектеп директору менен сүйлөшүп биргеликте байма-бай өткөзүп турабыз. Көзгө илинген тентек балдарды көбүрөөк көзөмөлгө алып, ар кандай иш чараларга катыштырып, кандайдыр бир нерсеге милдеттүү катары кылып тапшырмалар берилет. Анткени бош жүргөн балдар көбүрөөк уруш талашка барышы мүмкүн, ошондуктан балдарды бош калтырбаганга аракет кылабыз. Андан тышкары мектептерде мугалимдер, ата-энелер, балдар жана ЖӨИИ тескөөчүлөрү менен биргеликте тегерек столдор өткөрүлүп турат. Бир айда бир же эки жолудан мектептерде ИИМдин ардагерлеринин катышуусунда “Кылмыш деген эмне?” жана улууну урматтоо жөнүндө лекция-маектерди куруп турабыз.
-Жубайыңыз да милиция кызматкери болуптур, үй-бүлөңүз тууралуу айтып өтпөйсүзбү?
-Үй-бүлөм боюнча айта кете турган болсом келинчегим дагы Нарын шаарындагы күзөт бөлүмүндө иштеп ардактуу эс алууга чыгып, бүгүнкү күндө экөөбүз эки кыз бир уулду тарбиялап өстүрүүдөбүз. Ал эми кичүү уулум Темирлан Ат-Башы районундагы “Карыбек уулу Акматалы” орто мектебинде башталгыч класста окуйт. “Ата кудай буюрса мен да милиция болом, сиздей, апамдай болуп форма кийем”-деп калат. Азырынча кичинекей милициянын формасына кызыгып жатат го деп ойлойм. Бирок чоңойгондо юрист кылсам деген оюм бар.

Данислан Асамидинов 

Булак: "Бетме- Бет"

Последние новости