www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда кармалды.

Ал мүчө болгон "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары окуянын чоо-жайы такталмайынча кандайдыр билдирүү жасоодон карманып турушат. Жарандык коомдун өкүлдөрү болсо казак тарап депутаттын ысымы аталган ишти дыкат иликтеп, ачык-айкын маалымат таратышы керек деген талапты коё башташты. Бийлик бутагындагы кишинин кармалышы парламенттин гана эмес, Кыргызстандын да аброюна шек келтирет деген пикирлер бар.

Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда кармалганы тууралуу маалымат 17-февралда чыгып, бир күн бою расмий тастыкталбай турду. Кыргыз тарап окуянын чоо-жайын сурап Казакстанга нота жибергенден кийин 18-февралга караган түнү коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги ага жооп берип, депутат колго түшкөнүн тастыктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости