www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абакта ачкачылык кармоону улантып жаткан оппозициячылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыровду ар кайсы колонияларга бөлүштүрүү тууралуу чечим кабыл алынганын алардын адвокаты Марс Кыдыкбаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, саясатчылар 20-февралда абактарга бөлүштүрүлөт:

- Үчөө үч башка абакка которулат деген сөз бар. Бирок ал азырынча тактала элек. Чогулуп алып, ачкачылык кармабасын деген саясат го.

Жаза аткаруу кызматы абактагылардын бөлүнүшү тууралуу маалымат бере элек.

"УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин" жана "соттор адилет чечим чыгарсын" деген талаптар менен Бектур Асанов 30-январдан, Карыбеков 31-январдан, Кадыров 1-февралдан тартып "кургак ачкачылык" кармай баштаган.

"Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен 2016-жылы камакка алынган Асанов менен Карыбековду сот 12 жылга, Кадыровду 20 жылга эркинен ажыраткан.

Учурда Бектур Асанов Бишкектеги №47 колонияда жатат. Эрнест Карыбеков менен Кубанычбек Кадыров 15-февралда №1 абакка которулган. Дарыгерлердин сунушу менен Кадыров 12-февралдан бери суу ичип, бирок ачкачылык кармоону улантууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости