www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек ЖЭБин жаңылоодон миллиондорду кымырып кеткендердин сап башында тургандыгы айтылып, камакка алынган экс-премьер-министр Сапар Исаков УКМК кызматкеринин үстүнөн Башпрокуратурага арызданганы белгилүү болду.
Муну кечээ башкы көзөмөл органы дагы тастыктады. КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева таркаткан маалыматка караганда, АШАнын "балапан" кадрына кадимкидей коркутуу болгон имиш. Экс-премьердин айтымында, тергөөчү Сапар Исаковду СИЗОдон чакыртып алып, УКМКнын дагы бир кызматкери менен жалгыз калтырган: "2018-жылдын 13-июлунда болжол менен саат 13:00дө мени СИЗОнун камерасынан Кубаныч Сабьшовдун кабинетине алып келди. Тергөөчү Сабыров кабинеттен чыгып кетип калды, ал эми Илим деп өзүн тааныштырган УКМК кызматкери болсо мени Нурбек Токтакуновдун жактоочулук кызматынан баш тартышымды сунуш кылды. Антпесем "№1 «" сайтындагы жарыяланган материал боюнча кылмыш ишин козгоорун айтты. Себеби ал жерде менин атым аталат экен".
Исаков бул сунушка макул болгон эмес жана өзүнүн жактоочусу Нурбек Токтакуновго бул шантаж фактысын жарыя кылууну тапшырган: "УКМК кызматкери Илим деген менин өтүнүчүм каралып жатканда мени коштоп 2018-жылдын 5-июнунда Биринчи май райсотуна барган".
Учурда "шайтандын жактоочусу" атка конгон Нурбек Токтакунов бул окуя тууралуу коомчулукка жарыя кылгандан кийин, УКМК аны төгүндөгөн билдирүү жарыялаган: "Токтакуновдун акыркы билдирүүсү карандай калп. Канчалык жалган болсо ошончолук катуу ишенет дегендей. Токтакуновдун билдирүүсүн кезектеги жеңил пиар катары бааласа болот".
Бирок, Сапар Исаков жактоочусун коргоп чыкты: "Айыпталуучуну мажбурлап өзүнүн жактоочусунан баш тарттыруу - бул кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу (КР КК 305 беренеси) жана ошондой эле жактоочунун ишине тоскоолдук кылуу (КРКК 318 берене). Ал эми КР Башкы прокуратурасынын негизги милдети - органдарда мыйзамдын сакталуусун көзөмөлдөө болуп саналат. Мага карата болгон шантаж фактысын иликтеп, УКМК кызматкерин жоопкерчиликке тартууңузду суранам".
Чынында, окуя кандай болгонун шам кармап турбагандан кийин айтуу кыйын. Бир гана нерсени так айта алабыз Сапарбы, коррупция боюнча кармалган башка табакташтарыбы, айтор, алардын баары учурда өздөрүнө тагылган айыптан эптеп кутулуп кетүүнүн айласын издеп жаткан убак. Бул деле ошондой шоунун бири болсо керек... Бирок, канча аракет жасашпасын, колу менен жасаганды мойну менен тарткан заман келгенине бүт эле ишенип турат.
Булак: "Майдан"