www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөр боюнча кыргыз калкын 2003-жылы Акаев алдап, Кыргызстандын Кумтөрдөгү 67% үлүшүн 33% түшүргөн эле. 2009-жылы Бакиев келишими Кумтөрдө Кыргызстандын үлүшүн бир аз көтөрүп, бирок Кыргыз мамлекетин келишимди бузуу жана сотко берүү укугунан ажыраткан эле.

Атамбаев сегиз жыл бою Кумтөр боюнча жаңы келишимге жетишүүгө тоскоолдук кылып, туйтунуп келди. Канадалыктар Акаев доорунда Кумтөрдү, Кыргызстанды кантип алдап тоносо Атамбаев доорунда ал мурдагыдан күчөтүлө уланды.

Жыл сайын Кумтөрдөн 18-20 тонна алтын же 800-900 млн доллар тапкан “Центерра голд инк” Кыргызстан бюджетине 80 млн. доллардан ашуун төлөп коюп келди.

Атамбаев президенттиги бүтөр алдында Сапар Исаков “балашкасына” Центерра менен жаңы келишим түзүүгө уруксат берди. Кыргызстан экологиялык жана башка доолордон  бүтүндөй баш тартты. Анын ордуна Центерра 10 млн. доллар Онкология борборуна бөлмөк болду. Андан сырткары рекультивацияга 60 млн. доллар бөлөт деп айтылган. Рекультивацияга бөлүүнү алар эч качан колко кылып, бөлүнгөн чыгым катары көрсөтпөш керек эле. Анткени кен казуудан бузулган жерди оңдоо алардын түздөн-түз милдети. Бирок муну  Исаков менен Центерранын кыргыз элинин көзүнө чачкан топурак катары колдонуп, биз минтип жатабыз деп мактанышты.

Сапар Исаков Акаевден өткөн анткор болуп чыкты. Акаев кылмышты кылып, бирок чындыкты анткорлоно айтып салчу. Маселен, Кумтөрдүн тагдыры колунда туруп, “Кумтөр алтыны асмандагы жылдыз болду. Жарыгы бар. Жылуулугу жок” деп Кумтөрдөн күткөн пайда түшпөй жатканын  Акаев кейимиш болуп айтып калчу.

Сапар Исаков болсо кызматынан кетер алдында парламентте Центерра Кыргызстанга жакшылык кылып келатат деп мактады. Мүмкүн Атамбаев жана Исаковдун капчыктарын толтуруп жакшылык кылгандыр? Кыргыз калкы Кумтөрдү кылым аферасы, ал эми Атамбаевди аны улантуучусу катары баалап келатат.

Жаңы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр боюнча жаңы сүйлөшүүлөр болушун четке каккан жок. Ал бул маселе дагы кароону, изилдөөнү талап кыларын жума күнү парламентте билдирген эле.

Мына эми 24-апрелде Кумтөр боюнча жаңы сунуш түшкөнү маалым болду. Британиянын “Чаарат голд холдинг” компаниясы “Центерра голд инктен” Кумтөрдү бүтүндөй сатып алууну сунуштаган. Алар кенге, кендеги бардык техникаларга ээлик кылып, Кыргызстанга 50 дивиденд бөлүүнү убадалап жатышат.

“Чаарат голд холдинг” компаниясы бул сунуш кыргыз өкмөтүнө да, “Центеррага голд инкке” да, “Чааратка” да пайдалуу жана ыңгайлуу деп эсептейт. Кыргыз өкмөтүнүн жана Центерранын позициясы азырынча белгисиз. Центерра жакын арада пикирин билдирет деген кабар бар.

“Чаарат голд холдингдин” сунушу Кыргызстанга канчалык пайдалуу жана адилеттүү экенин адисттер аныктап, андан кийин чечим кабыл алынууга тийиш. Бул ирет Кыргызстан алданбаш керек.

Британиянын “Чаарат голд холдинг” компаниясы Чаткалдагы Чаарат алтын кенин иштетүүгө лицензия алган. Жалпысынан ал жерде 140 тоннага чейин алтын бар деп болжолдонгон.

Булак: Элньюс

Последние новости