www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 4-январда, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө катуу жааган жаан-чачындын кесепеттерин жоюу, ошондой эле республиканын негизги унаа жолдорун тазалоо боюнча чаралар талкууланды.

Өзгөчө кырдаалдар министри маалымдагандай, катуу жааган жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун тоолуу тилкелеринде унаалардын өтүүсү убактылуу кыйындаган.

Кубатбек Бороновдун айтымында, тоолуу жол тилкелериндеги тыгындардын негизги себеби айрым жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын кышкы шартка даярдык көрбөгөндүгү, башкача айтканда, кышкы дөңгөлөк, чынжыр жана зым аркандардын жоктугу, ошондой эле айдоочулардын маданиятынын төмөнкү деңгээли болгон.

Ошондой эле жолугушууда белгиленгендей, Бишкек-Ош унаа жолунун айрым тилкелеринде тийиштүү кызматтар тарабынан тазалоо иштери өз учурунда жүргүзүлгөн эмес.

Буга катар өзгөчө кырдаалдар министри Бишкек-Ош унаа жолунун кооптуу тилкелериндеги кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүн маалымдады.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» жана Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» пункттарында айдоочулар үчүн жылынуу пункттары уюштурулган.

Өкмөт башчы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине республиканын негизги жолдорундагы үзгүлтүксүз транспорттук байланышты камсыздоо боюнча колдон келген көмөктү көрсөтүү тапшырмасын берди 

Мындан тышкары, Кубатбек Боронов 2017-жылдын 27-декабрындагы Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарында болуп өткөн катуу шамалдын кесепетин жоюуда тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына көрсөтүлгөн көмөк боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, 2018-жылдын 1-3-январында Талас жана Жалал-Абад облустарынын жабыркаган калкы үчүн 10 миңге жакын шифер жеткирилген. Бүгүнкү күндө курулуш материалдарын жеткирүү боюнча иштер улантылууда.

Ошондой эле Сапар Исаков жабыркаган тургундардын чатырларын жабуу үчүн шифер жеткирүү иштерин ыкчам тартипте жыйынтыктоону тапшырды деп билдирет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости