www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл “Жаӊы доорго – 40 кадам” долбооруна ылайык, жазгы талаа жумуштарына даярдык эрте башталып, айыл чарбасынын жүгөрү, арпа, кызылча, буурчак сындуу өнүмдөрүн өстүрүүгө артыкчылык берилип, алардын айдоо аянты көбөйтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште 2018-жылдын жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө маалымат угулуп жатканда белгилүү болду.
Былтыр минералдык жер семирткичтин жетишсиздиги байкалганын белгилеген Премьер-министр Сапар Исаков дыйкандарга колдоо көрсөтүү чаралары иштелип чыкканын айтты. “2017-жылы 15 миӊ дыйкан чарбасына 7 млрд 65 млн сом өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя берилген. Быйыл дагы ушундай көлөмдөгү каражат берилет деген ойдобуз. Ошону менен бирге, дыйкандарга үрөн дагы 30 пайызга арзан сатылмакчы”, - дейт өкмөт башы.
Андан тышкары, ушу тапта элет жергесинде 56 жаӊы машина-трактор станциясы түзүлгөнү, аларга 10 жылдык мөөнөткө 2 пайыздуу үстөгү менен айыл чарба техникалары лизингге бериле турганы да белгилүү болду. “Азыр биздин алдыбызда өлкөнүн айыл чарба тармагына инвестиция тартуу, айыл чарба кооперативдерин көбөйтүү, жаӊы айдоо жерлерин өздөштүрүү, сугат суусу, жер семирткич, сапаттуу үрөн, арзан күйүүчү май менен камсыз кылуу милдети турат”, - дейт Премьер-министр.
Өкмөт башы айыл чарба өнүмдөрүнүн сапатын Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына шайкеш келгидей өндүрө алсак, аларды экспорттоо көлөмү кыйла арта турганын кошумчалады деп билдирет Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg