www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурунку премьер-министр Сапар Исаков кирип кеткен УКМКнын имаратына тез жардам унаасы келди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Тез жардам кимге жана эмне үчүн келгени азырынча белгисиз.
"103" кызматы УКМК имараты жайгашкан дарек боюнча чакыруу түшпөгөнүн маалымдады.
Исаков "Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылып, саат 15.00дө УКМКнын имаратына кирип кеткен болчу.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 26-январында ТЭЦте авария болуп, анын кесепети беш күндөн кийин жоюлган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында тийиштүү мекеме жетекчилери камакка алынган.
19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2017-жылы жасаган ишин канааттандырарлык эмес деп таап, Исаков башында турган министрлер кабинетин отставкага кетирген.
Булак: Спутник