www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 2-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Даир Кенекеевди кабыл алды жана Ош облусундагы көзөмөл-өткөрүү пунктундагы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча буга дейре берилген тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшүн талкуулады.
Даир Кенекеев өз отчетунда белгилегендей, мурдараак берилген тапшырмага ылайык, «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылган. Учурда паспорттук көзөмөл жүргүзүү үчүн кошумча төрт кабинаны: 2 – республикага кирүү, 2 – республикадан чыгуу үчүн кабиналарды орнотуу боюнча иштер жүрүүдө.
Өкмөт башчы жүргүнчүлөр агымынын жогорулашына байланыштуу «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, Сапар Исаков коомдук тартиптин сакталышына, өткөрүү пунктунда жана мамлекеттик чек арадан өтүүдө жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселесине басым жасады. Өкмөт башчы Даир Кенекеевге тапшырмалардын аткарылышын жеринде текшерүүнү тапшырды, буга байланыштуу вице-премьер-министр бүгүн Ош облусуна жумушчу сапар менен жөнөп кетет.
Бүгүнкү күндө 2018-жылдын январь айынан тарта «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда паспорттук көзөмөл 10 кабинада: 5 – республикага кирүүдө, 5 – республикадан чыгууда ишке ашырылууда. Көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жүргүзүлгөн иш-чаралардан соң, 1,7 эсеге жогорулап, суткасына 7 миңден ашуун адамды түзөт.
Белгилей кетчү нерсе, адамдар жыш өткөн учурда кезектер кыргыз жана өзбек тараптан бирдей катталууда.
Эскертсек, 2017-жылдын сентябрында Өзбекстан Республикасы Кыргыз Республикасына карай өтүүгө чектөөлөрдү алып таштаган деп билдирет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК мененбайланыш бөлүмү.
Булак: NazarNews.kg