www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин мураскери тууралуу кеп болгондо, эки-үч адамдардын аты-жөнү айтылып келген. Алардын арасында Сапар Исаков да бар болчу. Президенттик аппараттын жетекчи орун басары, анан жетекчиси болуп иштеген бул кырктын кырынан жаңы гана ашкан жигит айрым саясий серепчилердин талдоосунда өлкө башчылыгына барууга президент тарабынан көбүрөөк колдоо тапмак.

Бирок, КСДП партиясынан талапкерликке Сооронбай Жээнбеков көрсөтүлгөндөн кийин мураскерлердин тизмесинен чийилди. Өткөн жумада Исаков “Таза коом. Көз караш, глобалдык тенденциялар жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү” аттуу эларалык конференция өткөрдү. Бул глобалдуу маселерди көтөрүүгө далалат кылган конференциянын автору катары эми ал премьер- министрлик кызматка барышы мүмкүн.

Башкача айтканда, коомчулукта президенттик шайлоого аттанып жаткан Сооронбай Жээнбековдун ордуна Сапар Исаков келери көптөн бери талкууга алынууда. Ал эми аталган конференция алыска ыргытылган аркан. Ал так эле өкмөт башчылык орунга ташталган укурук болчудай кебетеленип калды.

Булак: “Майдан. kg”

Последние новости