www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда “Гюленчилер” кыймылы активдүү иш алып барат. Анын катарында бир катар жаш ишкерлер жана бийлик бутагында отурган майда-чоӊ чиновниктер дагы бар экени жашыруун деле эмес. Алардын катарында, Премьер-министр Сапар Исаковдун кеӊешчиси Эсен Момункуловдун ысымын атаса болот. “Гюленчи” катары таанылган Эсен Момункулов президенттин Турциядагы иш сапарына чогуу кетти.
Кандай максатта ал президенттин сапарынын катарына кирип калганы белгисиз? Президент Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин тышкы саясатта олжолуу кайтып жатат. Маселен, Казакстан менен болгон мамилени жөнгө салууда чоӊ роль ойноду. Кошуна жана боордош эл менен алаканы жакшыртты. Эми, мурда муздап калган Кыргызстан-Турция мамилесин дагы жакшыртып кайтат деген ишенимдебиз.
Бирок, ички тымызын тирешүүлөр жана атаандашуулар тышкы саясатка терс таасирин тийгизбеши керек. Өкмөт башчы Сапар Исаков өзүнүн “Гюленчи” кеӊешчисин кандай максатта президентке кошуп берип салды экен? Аруу максаттуу президенттин иш сапарын, ичтен чыккан ийри жылаандар иритпесе болду. Кыргызда, бекеринен “жакшынын шарапаты, жамандын кесепети” деп айтпайт, анын сыӊарындай “Гюленчи” Момункуловдун кесепети тийбесе болду.
Булак: NazarNews.kg