www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков чет элдик жарандардын жумушка орношуусуна уруксат берүүнү жеңилдетүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кемешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы чет элдик жарандардан, анын ичинде инвесторлордон, ишкерлерден, жогорку окуу жайлардын кызматкерлеринен уруксат берүү процесси ачык эмес, өтө жай жана ыңгайсыз деген нааразычылыктар түшүп жатканын белгиледи, – «Биз инвесторлорду жана жогорку окуу жайларга мыкты окутуучуларды тартып жатабыз, ал эми мамлекеттик органдар алардын өнүгүшүнө жол бербей, уруксат берүү процесси менен кыйнап жатышат».

«Мамлекеттик миграция кызматы үстүбүздөгү жылы жумушка орношууга уруксат берүү процессин создуктуруп салды. Квоталардын саны боюнча документтер өз учурунда иштелген эмес. Буга байланыштуу айрым чет элдик жарандар айып пул төлөөгө мажбур болушту. Абал талданышы керек. Эгерде кечиктирүү маморгандардын  айынан болсо, айылпул салынбашы керек. Ал эми кызматтын жетекчилиги бир жуманын ичинде абалды жөнгө салышы зарыл», – деди Сапар Исаков.

«Биринчи кезекте жумушка орношууга уруксат берүүдө кармалуулар орун албашы зарыл. Өкмөт жумушка орношууга уруксат алууга арыз берүү процессин ыңгайлаштыруусу керек.

Ири ишканалар, бизнестер ачылыш үчүн жана эл аралык окуу жайлардан профессорлор келиши үчүн биздин  мыйзамдарыбыз, процедураларыбыз инвесторлор үчүн жагымдуу болушу шарт. Инвестициялар – бул экономиканын кыймылдаткычы, бул салыктын түшүүсү жана жаңы жумушчу орундардын пайда болуусу», – деди Сапар Исаков.

Кеңешменин жыйынтыгында Премьер-министр бир жумалык мөөнөттө жумушка орношууга уруксат берүүнү жеңилдетүү маселесин иштеп чыгуу тапшырмасын берди, тактап атйканда:

- «Таза Коом» программасынын алкагында документтерди он-лайн тапшыруу, тийиштүү төлөмдөрдү аткарууга жана жумушка орношууга уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн платформаны иштеп чыгуу;

-Уруксат алуучулардын категорияларын аныктоо: проритеттүү иретте инвесторлорго, ишкерлерге, бизнеске, академиялык персоналга уруксаат берүү (уруксат берүүнүн мөөнөтүн кыскартуу);

- Көрсөтүлчү документтердин тизмесин кыскартуу жана жеңилдетүү боюнча карап чыгуу;

- Келишим мөөнөтү боюнча тийиштүү далили же узак мөөнөттүү инвестициялык планы болгон чет элдик жарандардын жумушка орношууга уруксаат мөөнөтүн үч жылга чейин узартуу маселесин изилдеп чыгуу;

- Жумушка уруксаат берүүдөн баш тартуунун негиздүү мотивациясы үчүн так критерийлерди иштеп чыгуу.

Кеңешмеге КР Ички иштер министри Улан Исраилов, КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова, КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова, КР МСК төрагасы Октябрь Абдыкаимов, КР Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев, КР УКМК өкүлү, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын эл ралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Санжар Исаев катышты деп билдирет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости