www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссия "Кабар-Инфо" гезитине мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго байланыштуу жазылган макаланы төгүнгө чыгарууну сунуштады деп билдирет Азаттык.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева Исаковдун аброюн коргоо максатында аталган комиссияга 21-июнда арыз жазган.

Анда "Кабар-инфо" гезитинин быйыл 15-июндагы санында Исаковдун аброюна шек келтирген, бир тараптуу каралаган макала чыкканы айтылат. Макалада Исаков менен "Газпром-Кыргызстан" компаниясынын ортосунда "мыйзамсыз кызматташтык болгону" белгиленген. Арыз ээси макала Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодексине канчалык ылайык келерин териштирип берүүнү өтүнгөн.

Комиссия мүчөлөрү макалада Кыргызстан журналисттеринин Этикалык кодексиндеги айрым эрежелер сакталбаганын аныкташкан. "Азаттык" азырынча "Кабар-инфо" гезити кимге таандык экенин тактай алган жок жана басылма менен байланышууга мүмкүн боло элек.

Кыргызстандын журналисттеринин 23 беренеден турган Этикалык кодекси 2007-жылы кабыл алынган. Он жылдан ашуун убакыттан бери маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия ыктыярдуу түрдө иштеп келет. Комиссия басылмаларга болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт.

Быйыл апрелде премьер-министрликтен кеткен Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) чууга байланышы бар кишилердин бири катары камакка алынган. Азыр ал КСДПнын төрагасынын орун басары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости