www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамдары - мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана Бишкек шаарынын экс-мэри, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Экөөнүн тең бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев аныктады.

УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү Сапар Исаковдун бөгөт чарасы тергөө аяктаганга чейин камакка алууга өзгөртүлгөнүн кабарлады. Мекеменин маалыматында 29-майда Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат алуу аркылуу бөгөт чарасы тандалып алынган.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-майда сурак бериш үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) барган. Ал мекемеге кирип баратып ошол жерде турган журналисттерге “мыйзамды сыйлаган киши катары ар бир суракка убагында келип жатканын” айткан.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу 386 млн. доллар кытай насыясын максатсыз пайдаланганы үчүн 29-майда Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү ага айыбы угузулуп, "эч жакка чыкпоо" жөнүндө тилкатынын негизинде бөгөт чарасы бекитилген. Сапар Исаков өзүнө козголгон кылмыш ишин “чектен чыгуу” катары баалаган.

17-майда Жогорку Кеңеш ЖЭБ чуусун иликтеген депутаттык комиссиянын бүтүмүнө ылайык, 386 млн. доллар кытай насыясынын максатсыз сарпталышына байланыштуу айрым аткаминерлерге укуктук баа берүү боюнча токтом кабыл алган. Ал токтомдо ошол кездеги президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Сапар Исаковго укуктук баа берүү боюнча өзүнчө пункт бар.

Булак: Борбордук Азия жаңылыктары

Последние новости