www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сыягы, ‘жакшы бала” С.Исаковдун өкмөтү жана өзү ушул жаадан чыкпай калат окшойт. Анткени ал аткаруу бийлигинин башына келген алты айда бир да алгылыктуу иш жасалбай, “кырк кадамынын” бир кадамы да арбый элек. Ошондуктан эт менен челдин ортосундагы екмөттүн отставкага кетүүсүн эл каттуу талап кылса, парламенттен КСДП фракциясы баш болуп такалай баштады. Айрыкча Ы.Момбеков фракция жыйынында вице-премьер-министрлердин төрт барак отчетун өлө туздады. Бул баланын жолу да каттуубу, жарым жылда чет өлкөлөрдөн инвестор да келбей, келмек турсун мурда келишим түзгөндөрү менен “ажырашып” атыры. Алардын акыркысы “Акылдуу шаар” долбоорун колго алып, 60 млн. доллар берет деген кытайлык Huawei компаниясы болду. “Никенин бузулгандыгы” тууралуу каргашалуу долбоорду алгач кыргыз өкмөтү езү билдирип, “кытайлар келишимдин мөенөтүн өткөрүп жиберди. Эми өз каражатыбызга бул долбоорду ишке ашырабыз”,-деп айтууда оозу, мурду кыйшайбай. Адарга “эми бул долбоорду кайсы акчага ишке ашырасын, бюджетам тубу тешйк, сырткы карыз астрономиялык суммага жетти. 60 млн. долларды коюп, жетим-жесир, майыптарга жөлекпулду берип ал”,- деп айта турган гана адам чыкпай атыры. Баса, өткөн ишемби күнү С. Исаков “Ош аэропортунун" жаны терминалынын ачылышына катышканда. андан кийин Аксы окуясынын 16 жылдыгына Кербенге барганда ошол “Кырк кадамынын” бир кадамы тууралуу да ооз ачпаптыр. Ал жомокко езү деле ишенбей калган окшойт. Булак: "Майдан-ПРЕСС"

Последние новости