www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун экс-башчысы Болсунбек Казаков мурунку премьер-министр Сапар Исаков жемкордук менен күрөшүүгө жолтоо болгонун билдирди. Анын айтымында, Фонддун алдына мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу жана иштетүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүү тапшырмасы коюлган.
“Биз өкмөттүн ишенимин актоо үчүн бардык күчүбүздү жумшадык. Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында ири жыйынтыктарга жетиштик. Мамлекеттин менчигине 105 конфисацияланган объект жана бир объект карызды жабуунун эсебинен кабыл алынды. Бюджетке 2,2 млрд сом түшүрүү пландалган болсо, иш жүзүндө 8,3 млрд сом түшүрүлдү” – дейт Казаков.
Анын айтымында, тилекке каршы, Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кызматынан кеткенден кийин “Коопсуз шаар” долбоорун “Кыргызтелеком” ААКнын базасында жайылтуу, “Учкун” ААКнын жана “Госзнак” ЖЧКсынын базаларында мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо ишке ашпай калган.
“Биз Сапар Исаков тарабынан колдоо таба албай, жыйынтыгында мени жана Бакыт Мураталиевди элеген кызматыбыздан мыйзамсыз бошотушту. Буга Фонддун жемкорлук схемаларын жана мамлекеттик ишканалардагы жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордогу натыйжасыз башкарууну жоюу боюнча жигердүү аракеттери себеп болду” – деп түшүндүрдү Казаков.
Булак: NazarNews.kg