www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Премьер-министр Сапар Исаковдун 12-январда Таласка жасаган сапарынын алкагында студенттер менен жолугушуусу болбой калганына жергиликтүү активисттер нааразы.
Талас мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти Кубаныч Маряпов 100дөн ашык студент менен окуу жайдын эмгек жамааты өкмөт башчыны үч сааттан ашык күткөнүн "Азаттыкка" билдирди:
- Негизи биз каникулда болчубуз, премьер-министр келет деп баарыбызды 12-январда саат бирге чакырган. Анан үчкө жылды дешти. Кийинчирек жолугушуу 40 мүнөттөн кийин башталат дешти. Ошентип отуруп саат бештен өтүп кетти. Аягында ректор өкмөт башчы келбей калганын, буга аба ырайы себеп болгонун айтты. Бирок жол ачык эле болчу, анткени Исаков келет деп негизги көчөлөр шыпырылып, тазаланган.
Премьер-министрди Таласка коштоп барган вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев өкмөт башчы менен болбой калган жолугушуу боюнча социалдык тармактагы талкууда өз пикирин билдирди.
"Премьер министрдин программасы өтө жыш болуп, "Манас атанын" ордосуна баруу, Шекер айылындагы эл менен жолугушуу, Май айылындагы мектептин ачылыш аземине катышуу, жакыр жашаган үй-бүлө менен жолугушуулар бүткөнчө саат 17:30 болуп кеткендиктен, жолдун алыстыгын жана тайгактыгын эске алып, студенттерди күттүрбөй, жолугушууну кийинкиге жылдырууга мен буйрук бергем» деп жазды Кенекеев.
Ага чейин Сапар Исаковдун Шекер айылындагы Күркүрөө маданий үйүндө белгиленген эл менен жолугушуусу да эки саатка кеч башталган. Аны өкмөттүн маалымат кызматы премьер-министр аба ырайына байланыштуу жолдо кармалып калганы менен байланыштырган.
Премьер-министр 12-январда Талас облусунун Кара-Буура, Манас райондорунда болуп, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата белгиленген иш-чараларды эл менен талкуулаган жана жаңы мектептин ачылышына катышкан.
Булак: Азаттык