www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы Исаков Сапар Жумакадыровичке Чоң-Алай районунун дыйкандарынын атынан Кайрылуу

Урматтуу Сапар Жумакадырович, сиз биздин үнүбүздү угуп, көйгөйлүү маселебизди чечип берет деген үмүттөбүз. Өзүңүзгө маалым Чоң-Алай эли картошка, мал чарбачылык менен жан багып келебиз.

Айтайын дегенибиз, Өзбекстан менен чек арабыз ачылды, картошка менен малыбызды сатабыз деген сүйүнүчүбүз текке кетчүдөй. Себеби картошканы, этти кошуна мамлекетке саталы десек, дүңүнөн (оптовый) аткезчилик жолу (контрабанда) менен келген Пакистандын картошкасын, Кытайдын этини Өзбекстанга киргизип жатышат.

Натыйжада биздин жергиликтүү продукцияларыбыз калып кетип, дыйкандардын укугу тебеленип жатат. Ушуну көзөмөлдөп коюуну суранабыз. Картошканы, этти экспортоого, атаандаштыка туруктуу болууга картошканын жаңы сорту, малдын эт багытындагы асыл тукуму керек.

Бул үчүн Айыл чарба министрлигине жаңы сорт менен камсыз кылып бергиле, акчасын алдын ала төлөйбүз деп бир канча жолу кайрылдык. Бирок жооп жок. Дыйкандарга Өкмөт мамлекеттик жылдык заказ берсе, Өзбекстанга 500 тонна картошканы, Иранга 500 тонна этти биз эле даярдап бермекпиз. Голландия, Германиядан картошканын 40 тонна жаңы сортун алууга министрлик кепил болуп албагандан кийин, кайдагы заказ туралуу сөз кылабыз.

Президентибиздин аймактарды өнүтүрүү жылы деп жарыялаганы менен министрлик, жергиликтүү бийлик колдобой жатат. Жакында жазгы талаа иштери башталат, техника, күйүүчү май, үрөөн жетишпей жатса кайдагы өнүгүү туралуу сөз кылабыз. Системдүү иш алып барган эч ким жок. Сизге чоң үмүт менен кайрылып жатабыз. Дениңиз сак, ишиңиз ийгиликтүү болсун.

Урматтообуз менен Чоң-Алай дыйкандары

Булак: NazarNews.kg

Последние новости