www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мына ушундай бааны Сапар агабыздын адамдарга жасаган мамилесине күбө болгондор беришүүдө. Алсак, “Асман Плюс” гезитинин ээси Лариса Асанбекова Президенттик администрациянын башчысы жөнүндө соцтармактагы баракчасына эки ооз кебин калтырыптыр. Унаа кырсыгына кабылып ден соолугу калыбына толук келе элек Лариса эжебиз кечээ жакында Ош шаарынан келатып күбө болгон окуясын мындайча сүрөттөптүр:

– Авариядан кийин азырынча оор көтөрө албайм. Ошого карабай оштук досторум сый урмат көрсөтүп коноктоп, көтөрө албайм дегениме карабай ар кандай белек беришип, аэропорттон VIP зал менен узатышып, жүгүмдү учакка чейин жеткирүүчү маршруткага салып беришти. Мен олтурарым менен Сапар Исаков баштаган, Абдышүкүр Нарматов коштогон бир топ депутат, таанымал инсандар келип отурушту. Жерге түшөрдө жүктү кантип көтөрөр экемин деп ойлонгуча Сапар Исаков: “жүк сиздикиби?”, – деп сурады. Ооба деп жооп берерим менен көтөрүп түшүп, учактагы ордума жеткирип берди. Сапар Исаковдун керсейбеген жөнөкөйлүгүнө, улууну урматтаган кичи пейилдигине аябай ыраазы болдум. Ылайым өркөнү өсүп, иши илгерилей берсин! Бар бол, чексиз ыраазычылык!

Бул билдирүүгө улай бир интернет колдочунуучулар да өз пикирлерин калтырышууда. Алсак, алардын бири “менда Москвадан Сапар Мырзанын ушинтип жардам кылып жүргөнүн көргөм” десе, дагы бири “бак шактуу болгон сайын ийилип турганы жакшы” деген пикирин калтырган. Адамды жакшы жакка үндөгөн сөздөр айтылып жатса да, жумурткадан кыр издеген көралбастар адатынча “Кудайды карап “подхалим” кылсанар туугандар!” деген өңдүү терс пикирлерин калтыргандар да жок эмес. Мындай сасыктардын көзүнө көр топурак деп коюшчу эле кыргызым. Ал эми үй-бүлөлүк бийликке жол жок, мамлекетти башкарууга жаштарга кезек беришибиз керек деген өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев убадасына туруп, өзү өсүтүрүп келаткан жаңы муун өкүлдөрү мына ушундай адамгерчиликтүү экени кимди гана болсун кубандырбай койбойт.

Булак:"egemen.kg"

Последние новости