www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Ормон мырза, “Гранат фрукты” компаниясын ачууга эмне түрткү болду?
— Биз күн сайын өзүбүз туш болгон көйгөйдөн баштадык. Базарга барууга убакыт жетпейт, сапатка ишеним аз, ортомчулар көп. Ошондуктан азык-түлүктү бир кампадан түз, ачык жана тез жеткирген кызмат түзүүнү чечтик. Мындан ары базардагы ызы-чуу, кезек күтүп убакыт жоготуу, нерв чарчаткан түйшүк артта калат.
— “Кампадан – дүкөнгө чейин” концепциясы эмнени билдирет?
— Бул ашыкча түйшүксүз, убакытты үнөмдөгөн кызмат. Продукт кампадан чыгып, түз эле дүкөнгө жетет. Кардар үчүн бул – таза, тез жана ишенимдүү тейлөө.
— “Кыргызстанда алгачкы” деп айтып жатасыздар. Өзгөчөлүгү эмнеде?
— Биз логистикага басым жасаган азык-түлүк сервисин биринчи болуп системалуу түрдө киргиздик. Кампа, сорттоо, таңгактоо жана жеткирүү – баары бирдиктүү стандарт менен жүргүзүлөт. Бул ишти бир адам эмес, бүтүндөй команда аткарат. Биздин ураан — «Таза кампа – коопсуз азык». Санитардык нормаларды катуу сактайбыз, анткени ден соолук биз үчүн биринчи орунда.
— Ортомчусуз иштөө кардарга эмне берет?
— Ортомчу жок болсо, ашыкча баа да жок. Продукт жаңы, баа адилеттүү болот. Кардар убакыттан да, сапаттан да, баадан да утат. Мен бул кызматты өзүм сыяктуу убактысы чектелүү адамдар үчүн ачтым. Убактысы аз, бирок үй-бүлөсүнө сапаттуу азык каалагандар үчүн бул чоң мүмкүнчүлүк.
— Баа маселеси көпчүлүктү ойлонтот. Сиздерде баа кандай болот?
— Биздин баалар базарга жакын, кээде андан да арзан. Себеби ортомчу жок. Кардар ашыкча төлөбөйт, сапаттан утат жана эң негизгиси — убактысын үнөмдөйт. Базарда бир күн жүрүп чарчабай, керектүү азыкты дүкөнүнө түз буйрутма менен алдырат. Ар бир жер-жемиш катуу текшерүүдөн өтөт, анткени сапат дайыма көзөмөлдө болушу керек.
— Сапат жана тазалыкты кантип көзөмөлдөйсүздөр?
— Бизде сапат кампадан башталат. Ар бир продукт текшерилет, сорттолот жана таза шартта таңгакталат. Кардарга өз үй-бүлөбүзгө алгандай мамиле жасайбыз. Максатыбыз — Кыргызстанда тейлөөнүн сапатын заманбап жаңы деңгээлге чыгаруу.
— Компания коом үчүн кандай пайда алып келет?
— Биз шаар тургундарынын убактысын үнөмдөйбүз, фермерлерди түз колдойбуз жана жаңы жумуш орундарын түзөбүз. Бул жөн гана бизнес эмес, коомго пайдалуу тейлөө кызматы.
— 1–2 жылда компанияны кайсы деңгээлде көрөсүз?
— Максатыбыз — жакынкы жылдары бул кызматты бүтүндөй шаар колдонгон деңгээлге жеткирүү. Келечекте аймактарга чейин кеңейтүүнү көздөп жатабыз. “Гранат фрукты” ишенимдин символу болушун каалайбыз.
— Жеке кардарлардан тышкары, ири соода түйүндөрү менен да иштешесиздерби?
— Албетте. Биз ири соода түйүндөрү менен тыгыз кызматташабыз. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргызстандагы соода түйүндөрүнүн ээлерин “Гранат фрукты” компаниясы менен кызматташууга чакырам. Биз сапаттуу мөмө-жемиштерди жеткирүүдө ишенимдүү жана ыңгайлуу өнөктөш боло аларыбызга кепилдик беребиз.
Байланыш телефону: +996 227 000 900