www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Каргайын десем - жалгызсың, каргабайын десем -тил албаган арсызсың” деп илгери бирөө ошол жоругу жолдо калгыр баласына айтат имиш. Эми деле: “Камайын десең кылмышы жеңил, камабайын десең мыйзамды бузган” жоругу жолдо калгырлар арбын. Мындан улам ИИМ 2018-жылдын 26-декабрында Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалык түзгөн. Мезгил талабынан улам жаралган бул башкармалыктын өткөн жыл ичи аткарган иши, өтөгөн кызматы туурасында аталган башкармалыктын начальниги, милициянын подполковниги Аманкулов Сапарбек Аманкулович менен маалымат иретинде маек курдук.
- Жоруктар жөнүндө иштер боюнча жаңы кызматтын түзүлүшүнө, келип чыгышына эмне себептер болду?
- Мурда мындай кызмат жок эле. Бул кызмат жаңы кабыл алынган 5 Кодекстин негизинде келип чыкты. Ошол кодекстердин ичинде “Жоруктар жөнүндө” да кодекс кабыл алынган. Мына ушунун негизинде министрдин буйругу менен атайын ыйгарым укуктуу адамдарды Жазык-процесстик кодексинин 38-беренесинде көрсөтүлгөндөй, Жоруктар жөнүндөгү кодекс менен иштөө үчүн жана алгачкы текшерүү орган боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын 255 бирдиктүү штаты түзүлдү. Бул кызматты ачууга себеп болгон зарылдык Кылмыш-жазык кодексиндеги анча чоң коркунуч жана өтө көп зыян келтирбеген кылмыштар бүт жоруктар кодексине өтүп кеткенине байланыштуу болгон. Анда иштөө үчүн атайын тандалган, атайын даярдыгы бар кызматкерлер керек эле. Мындай кызматкерлер ИИМдин тармагында белен болбогондуктан, алар Борбордук аппаратты оптималдаштыруунун негизинде бөлүнүп берилген. Кийин 6 айдын жыйынтыгында ИИМдин коллегиясынын чечими менен биздин республика аймагында бүгүнкү күндө Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган жалпы катталуудагы кылмыштар менен жоруктарды караганда, анын 51,8%ы жоруктарга катталганы аныкталган. Буга байланыштуу министрдин чечими менен Борбордук аппараттан кыскартылган штаттардын бирдигин жалпы республика аймагына 99 бирдик Республика аймагына бөлүнүп берилген. Ошону менен жалпы 354 штаттык бирдик иштеп жатат.
- Ушул штаттык бирдиктер ИИМдеги оптимизациядан улам түзүлүп жатат дедиңиз. Бул кадрларды жаңы ишке кандайча даярдап жатасыздар? Аларды окутуу жагы кандай болууда?
- 2018-жылы, 2019-жылы жаңы күчүнө кире турган мыйзамдардын негизинде окутуу иштери башталганда, бул тергөө кызматынын ичинде “Анча чоң коркунуч келтирбеген кылмыштарды тергөө” башкармалыгы түзүлүп, ошого жараша бир жылдын аралыгында биздин кызматкерлер дайындалган. 1-январдан баштап дайындалган 255 кызматкер Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгы түзүлүп, иштей баштаган. Жаңы мыйзамдар күчүнө киргенден баштап, министрдин буйругу менен Шаардык жана облустук башкармалыктарда ар бир кызматкер окутулуп, билим дээңгели жогорулатылып турат. Мындан тышкары жаңы келген кызматкерлерге ар бирине насаатчы бекитилип берилет.
- Кадрларды тергөө жаатынан гана аласыздарбы же ИИМдин бөлөк кызматтарынан келгендер да аласынарбы? Сапаты кандай болууда?
- ИИМдин башка тармагында иштеген кызматкерлерди да, сырттан келгендерди да ала беребиз. Болгону алардын юридикалык жогорку билими болушу керек. Анткени жорук иштери боюнча толук кандуу тергөө амалын жүргүзүү керек. Биздин жободо да жазылып калгандай, жогорку билимдүү юрист болсо, биз кабыл ала беребиз. Бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча ИИМ органдарында иштеп жаткан кызматкерлерге ИИМ Академиясында жана Ош шаардык республикалык атайын окутуу борборунда 14 күндөн сабак окутулуп, билим алып, атайын даярдыктан өтүп чыгышат. Ал эми жаңы милицияга киргендер болсо, аларга окутуу 1 ай болот. Ошол жерде зачёт алынып, сертификат берилет. Сертификат алгандан кийин “ыйгарым укуктуу өкүлү” деп буйрук чыгат, ошол күндөн баштап иштеп баштайт. Ал эми сапатына келгенде айтаарыбыз: “Токмогу күч болсо, кийиз казык жерге кирет” дегендей, талапты катуу коюп, чыйрактыкты, кайраттуулукту талап кылып жатабыз.
- Кылмыш деген кылмыш. “Анча чоң эмес кылмыш” дегенге кайсы мыйзамдык талаптар каралат?
- Кылмыштын өзүнүн квалификациясы бар. Бүгүнкү күндө кылмыштар жөнүндө кодекс боюнча: өтө оор кылмыш, оор кылмыш жана анча оор эмес кылмыш - деп 3кө бөлүнөт. Мурдагы кодекстер боюнча деле “Анча чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар” деген түшүнүк бар болчу. Бүгүнкү күндө анча чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар менен административдик кодекстеги оор беренелерди алып туруп экөөнү бириктирип, ошондон жоруктар жөнүндө кодекс чыкты. Жорукту көп адамдар түшүнбөй келет. Жоруктар - деген биздеги болуп жаткан кылмышта материалдык жактан 10 миңге чейинки материалдык зыян келтирилсе – ошол жорук болуп саналат. Аны кылмыш-жоруктардын бирдиктүү реестерине каттап, ошол шектүү адамга шектүү катары билдирүү жасап сотко жөнөткөнүбүздө, анын ала турган жазасы айып пул менен гана чектелет. Эртеңки күндө анын эч кандай соттуулугу жок болот. Бул жоруктар жөнүндө кодексте гумандуулуктан келип чыккан. Жалпак тил менен айтканда, мурда 5 миң сомдук буюм уурдаган адам деле, 20-30 миң сомдук буюм уурдаган адам деле бир эле берене менен соттолуп кетчү. Бүгүнкү күндө 10 миң сомго чейинки материалдык чыгым келтиргендердин бардыгы “жоруктар” деп атайын бөлүнүп, ал боюнча соттолбойт. Статистикага карасак, мурда 1-2 миң сомдук буюм же телефон уурдап алып кармалган жаштар деле ошону менен соттолуп кетип, өмүр бою кылмышкер аталып калчу.
- Ошол 10 миң сомго чейинки келтирилген материалдык чыгымдар Жоруктар башкармалыгында кайра ордуна келтирилеби?
- Биздин Жобонун негизинде бизге кайрылган жарандын арызын кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестерине каттоо жана ошону менен бирге жарандарга келтирилген чыгымды төлөтүп берип, мыйзамдуу чечим кабыл алуу жана мыйзам бузууларга экинчи барбашы үчүн эсинде калаарлык эскертүү берүү менен башка кылмыштардын алдын алуу болуп саналат.
- Эгер, бир эле адам беш башка факты менен кармалсачы?
- Бир адам беш башка факты менен кармалып, ар башка адамдан 5-10 миң сомго жетпеген зыян келтирип кармалса кандай болот дейсиз го? Анда беш башка факты менен бешөө ар башка жерде болгондугуна байланыштуу бешөө тең жорук болуп саналат. Бешөө бир адам тарабынан жасалса, беш факты бириктирилет да, бир убакта жасалган болсо, жорук иш менен тергелип, сотко өтөт.
- “Бир убакта жасалган болсо” деп жатасыз. Бир убак болгондо канча убак аралыгында?
- Жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталган кезде, бир райондон же обулус арасында катталган болсо, кайсы тарапта биринчи шектүүгө билдирүү келсе, ошол жак тергөө иштерин жүргүзөт. Мындан улам кылмыштын даражасы да аныкталат.
- Өткөн жылдын 10 айынын эле жыйынтыгы менен 62 миңден ашык жоруктар катталыптыр. Сиздерде кызматтык 354 штаттык бирдиктин иши мыйзамда көрсөтүлгөн нормадан ашып кеткен жокпу?
- Мунун баарын ИИМ тарабынан көзөмөл жүргүзүлүп, 255 штаттык бирдикке “оор деңгээлде болуп калат экен” деп 6 айдын жыйынтыгы менен дагы 99 аймактык штат киргизген. Андан кийин, биздин кызматкерлердин жүгүн дагы жеңилдетели деп Жоруктар кодекстин ичиндеги беренелерди ар бир кызматка тергөөгө караштуулугу боюнча беренелерди бөлүп бергенбиз. Бүгүнкү күндө 750 кызматкерге алардын аткарган ишине жараша аймактык ыйгарым тескөөчүлөр, жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлор, криминалдык милиция кызматына жана ошондой эле мыйзамсыз миграция менен иштөө башкармалыгына, мындан тышкары жол коопсуздук кызматына жана мыйзамсыз баңги заттарына каршы туруу кызматына өз беренеси боюнча бөлүп берилген. Ошону менен бүгүнкү күндө жалпы 750 кызматкер жоруктар жөнүндө кодекстин негизинде биздин атайын ыйгарым укуктуу кызматкерлерге жардамдарын берип келе жатат. Ошондой эле булар толук түрдө тергөө амалдарын жүргүзгөнгө укугу бар. Белгисиз себептерден улам Башкы прокуратура тарабынан буларга кылмыш жана жоруктар менен иштөөгө логин-паролу берилбей жатат. Логин-паролу берилсе, жүгү дагы жеңилдейт.
- Башкармалыктын бир жыл ичинде аткарган иштерине анализ бере кетсеңиз. Талаптагы милдеттерди аткара алдыбы?
- Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестиринде катталган жалпы жоруктар боюнча өткөн жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен жалпы кайрылган жарандардын 69,1 %нын ишин мыйзамдын негизинде чечип бердик. Жылдын аягына чейин пландагы иш-мерчемдер боюнча алып караганда, кайрылган жарандардын 75%нын маселесин чечип беребиз деп турабыз. Жоруктар тууралуу башкармалыгы ар бир жарандын арызынын негизинде процессуалдык чечим кабыл алабыз.
- Жоруктар башкармалыгына бүгүнкү күндө эмне зарыл экен, эмнеден аксап атасыздар?
- Бүгүнкү күндө жалпы процессуалдык кодекстеги 148-беренеге өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш Өкмөттүк аппарат тарабынан ЖКга жөнөтүлдү. Бул сунуш менен бир топ көйгөйлөр чечилмек. 10 миң сомго чейин уурдалган буюмдардын ичинде уюлдук телефон уурдалган учурлар бар. Бул боюнча атайын тергөө амалдарын жүргүзүүгө бизге жоруктар боюнча укуктар берилген эмес.Ушу жагы чечилсе көптөгөн жарандардын көйгөйлөрүн чечип берет элек. Мындан тышкары, материалдык базабызга министрлик тарабынан көңүл бурулуп, бизге берилип жатат. Ошондой эле, мурда тергөө амалдарыбыз күбөнүн катышуусунда өтчү. Мурун ар бир тергөө амалдарына, ишке күбөөнү сөз жок катыштырчубуз. Жаны мыйзамдардын талабына жараша учурда видео, аудио техника менен жаздырып турабыз. Ага камералар берилген. Өздүк курамга жетиштүү көңүл бурулуп, жарандардын арызына өз убагында мыйзамдуу чечим кабыл алууга иштер уюштурулуп жатат. Азыртан жемишин берип баштады. Башкармалыктын ийгилүктүү иштери дагы алдыда.
- Тергөө кызматы менен Жоруктар башкармалыгынын ортосунда кылмыштын бетин ачууда карамакаршылыктар же бирге иш алып баруулар болобу?
- Тергөө кызматы менен Жоруктар башкармалыгынын ортосунда материалдар боюнча “бул жорук иш экен же бул кылмыш экен” деп бири-бирине жөнөтүп, ортодо талаш-тартыш болбосун деген таризде министр жалпы республиканын аймагында жетекчинин орун басарына сотко чейинки өндүрүштү кароо боюнча 67 штаттуу кызмат киргизип берди. Сотко чейинки өндүрүштү кароо ошол орун басардын милдети. Ал бир эле тергөө кызматын же болбосо жоруктар жөнүндө бөлүмдөрдү карабайт. Бул ошол жердеги маалымат-аналитикалык бөлүмүн, эксперттик топторду жана башка кызматтарды карайт. Бүгүнкү күндө тергөө кызматы да, жоруктар башкармалыгы дагы орун басарга жер-жерлерде баш ийет. Ошонун негизинде алар келгенден бери, көп ийгиликтерди жаратты. Анткени, ошол кызматкерлерди көзөмөлгө алып, жарандарга жакыныраак болуш үчүн ар бирине жоруктар жөнүндө болгон иштерди бөлүп берип, жеринде жалпы жарандар менен сүйлөшүп, тергөө амалдарын чогуу алгачкы ыйгарым укуктуу адам менен бирдикте жүргүзүп туруп, чечим кабыл алып келе жатат. Мындай жол менен министрибиз буга чейин болуп келген эң бир көйгөйлүү маселелерди чечип берди.
- Жоруктар башкармалыгындагы кызматкерлердин аталышы бүгүнкү күнгө чейин калыптандыбы? Кандай аталат?
- Жоруктар башкармалыгынын кызматкери проссецуалдык кодекстин 38-беренеси менен “атайын ыйгарым укуктуу адам” деп бекитилип кеткен. Ошонун негизинде калды. Мисалга, аймактагы биздин кызматкерлер толук түрдө “ыйгарым укуктуу өкүл” деп аталат.
Булак: Майдан.kg