www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев студент кезин эстеди...

Студент кездеги логика деген сабак эске түштү. Агайыбыз терезеден көрүнүп турган теректерди карап туруп "Эмнени көрүп турасыңар"- деди. Биз чуулдап "Теректерди"- дедик. Агай "Жок ал терек эмес"- деди. "Кандайча"- десек. " Бакты көрүп турасыңар. Болгону аты терек. Эгер аты серек болсо силер "Серектерди көрүп турабыз"-демексиңер деди да кайра бизден "Кана кайталагылачы. Эмнени көрүп турасыңар?"- деди. Биз жабыла "Бакты"- дедик. Агайыбыз башын чайкап "Жок силер теректерди көрүп турасыңар. Бактын түрү көп. Ар бирин атынан айтыш керек"- деди. "Сиз өзүңүз..." -десек. "Мен айтсам эле ээрчий бересиңерби. Туура анын аты терек. Эгер серек болсо серек демекпиз. Бирок биз аны терек деп атап жүрүп аң сезимибизге отургузганбыз. Демек ал терек десек гана кандай бак экенин түшүнөбүз"- деди. Ошондон баштап менин логикага болгон кызыгуум күчөдү. Колумдан келишинче жакшы окууга аракеттенчүмүн. Бирок эч кимибизге агай ыраазы болчу эмес. "Керек болсо Ленин логикадан 3 алган"- дечү. Кийин ошол логика деген сабакты окутуудан таптакыр алып салышты. Менимче туура эмес кылышты. Жогорку притча логикага кирет.

Последние новости