www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сапарга санааркагандар

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 31-июлда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду камакта калтыруу мөөнөтүн эки айга узарткан. Сот отурумунан кийин анын жактоочулары мындай чечимге каршы экенин билдирип, шаардык сотко кайрыла турганын айтышты. Жактоочуларынын бири Нурбек Токтакуновдун айтымында, ишти караган сот Айбек Эрнис уулу чечим чыгарууда далилдерге таянган жок.

-Сотто тергөө органдарынын ыкчам кызматкерлеринин биринин «Сапар Исаков үй камагына чыгарылса, чет өлкөгө качып кетиши мүмкүн» деп жазып берген каты каралып, сот ошол каттын негизинде чечим чыгарып койду. Мыйзам боюнча Исаковдун чет өлкөгө качып кете турганын далилдеген үн жазуулары же авиабилети көрсөтүлүшү керек эле. Бирок, эч кандай далилдер келтирилген жок. Биз бул чечимге каршы болуп беш күндүн аралыгында шаардык сотко кайрылабыз» деди Токтакунов.

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости