www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыгаан журналист Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева Facеbook баракчасына Уланды эстеп пост жарыялады. 

“Жашоо сапары мынча эрте бүтөрүн күнү-түнү жанында жүргөн мен да аңдабай калдым. Ичтеги күйүттү сүрөттөөгө эч бир сөздүн кудурети жетпейт. Ичибиз эңшерилип, жашообуз заматта астын-үстүн болуп кеткенин айтпасам деле туюп жатсаңыздар керек. Кантели… Башка арга да, амал да жок. Атам, апам, жакындары бири-бирибизди сооротуп отуруп калдык. Жашоодо көп эле кыйынчылык көрдүм, бирок, мынчалык кунарсыз күндөргө алгачкы жолу кабылышым. Дагы эле үмүтүм үзүлбөй, “Каражан, сени ким капа кылды?” деп адатынча шашып кирип келчүдөй сезилет. Ошондой болсо кана? Же сүрөттөгүдөй мени да ээрчите кеткендечи? Айтор, ушунчалык түйшүктүү суроолор көп…

“Бизди оор күндө колдоп, кайгыбызды тең бөлүшкөн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем. Мындай жамандыкты эч кимдин башына салбасын деп айткым келбейт, анткени ажал барыбир башка салат. Барыбир эртеби, кечпи каратып туруп жакындарыбызды колдон жулуп кетет. Жашоо мыйзамынан баш тарта албайт турбайбызбы биз алсыз. Андыктан, Улан айткандай, көзү өткөндө гана мактабай, тирүүлүктө сыйлашып, жакшы сөзүбүздү, жылуу мамилебизди бири-бирбизден аябасак. Жалгыз айтарым ушул” – деп жазган Сапаргүл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости