www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда “Сапат” билим берүү мекемелеринин жабылышы тууралуу же ал окуу жайлардын имараты башка мекемеге берилиши ыктымал деген айың-кептер чындыкка жатпайт. Мындай оюн “Теолог” коомдук фондунун төрагасы Асан Саипов билдирди. Анын айтымында, мындай ушактар Түркия жана Кыргызстан ортосундагы кызматташтыкты басаңдатуу жана “Маариф” фондусун каралоо үчүн атайын иштелип чыккан маалымат чалгыны.
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстан боюнча жалпысынан 36 “Сапат” билим берүү окуу жайлары ишмердүүлүгүн жүргүзүп, ал билим берүү жана илим министрлигинин кызматташтыгы ортосунда иш алып барат. Ал эми “Маариф” фондуна тиешелүү окуу жайлар дүйнөнүн 40дан ашуун өлкөсүндө ачылып, дагы 42 өлкөдө ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Булак: NazarNews.kg