www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эске салсак, Чүй ОИИБде Канат Жумагазиев начальник кезде өздүк курамга татыктуу баасын берип, иштей турган кызматкерлерди көтөрмөлөп, жетекчи катары адилеттүү принциптерди карманганы белгилүү эле. Бир сөз менен айтканда, каарманыбыз бир жылдан ашык убакытта өзүнө тиешелүү милдеттерди так аткарып, кылмыштуулуктун алдын алып, системаны көтөрүүгө эбегейсиз салым кошуптур.
Анан эмне болду? Жол көзөмөлдөө кызматына Жумагазиев которулуп кеткенден кийин, анын ордуна Нурлан Сарчаев деген эпилдеген бирөө келип, учурда Чүй ОИИБнин ашмалтайы чыгып аткан чак. Облус боюнча 2-орунду Токмок ШИИБси алып жүрсө, анын начальниги Максат Чойбековду жөн эле көралбастык менен Сарчаев кетирип тынды. «ДС айтып атат, кетип эле калыңызчы, ал сизди жаман көрөт экен, өзүңүз эле арыз жазып бериңизчи?» деп, мыйзамга дал келбеген көшөгө артындагы оюндарга такап, ит акмагын чыгарганы кандай?
Ошентип, Сарчаев өздүк курамдын астында «сынып» калганын, ДСтин «шыпыргысына» айланганын кантебиз? Эгерде Жумагазиев Чүй ОИИБде начальник болуп турганда, жогорку жетекчиликтер астында туура сөзүн тайманбай айтып, иштей турган кадрларды коргоп алмак. Кандай гана кырдаал болбосун, эрктүү, духу бар жигитгердин сөзү бааланат да…
Кубат Карачев
Булак: "Азия Ньюс"