www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 12-июлда Бишкек шаар башчысы Албек Ибраимовдун качып кеткендиги тууралуу кабар тарап, ал эми бүгүн болсо шаардык кеӊештин депутаттары ага ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Кечээтен бери дайыны чыкпай жаткан мэр тоодон үн салып, саясый куугунтук экендигин айтып актанды. Ага ким ишенди ким билет. Кызык эми башталды. Ээрден шыпырылган мэрдин ордуна ээрчишкен эки эркек кызыгып элди дүрбөтүүдө. Аларды  эл жакшы тааныйт.

Бири мурдагы премьер-министр Темир Сариев, экинчиси Кыргыз темир жолдун мурдагы жетекчиси Арген Малабаев. Элдин эсинде болсо эки жыл мурун Ысык-Көлдүн жолун буздуруп, тендерден акча желип, экөө айтыша кетип, кызматтан ээрчишип түшпөдү беле? Эки жылдан кийин эл унутуп калды дешкенби ээрчишип келе жатышыптыр. Экиден төрт кулагы бар эки кара кулак шерге карапайым калк таӊ калып жатканы менен иштери деле жок тура…Бирок, Темир Сариев асфальттын астындагы акчаларга ачык жооп берип койсо жакшы болмок. Эми Бишкек шаарынын жолдорун "ап" этип койбосо болду? 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости