www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сариевдин саясаты бүтпөйт

Темир Сариев кыргыз саясатында кызматтык ордун, саясаттагы жеңиштерин туруктуу кармап, кандай кырдаал болбосун саясатта сыртта калган жок.

Бул - анын жигердүү саясатчы экенинин белгиси катары бааласак болот. Ал Өкмөт башчы болуп турган кезинде дагы алгылыктуу реформа жасап, аткаруу бийлигинде жөндөмдүү экенин далилдеди.

Темир Сариев өкмөт башчы болуп турганда коңшу Өзбекстан менен болгон талаштуу обьектилерди өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн, чечкиндүүлүк таанытып улутташтырган эле. Бул Сариевдин «Мекенчил» инсан экенинин далили. Сариевдин бул эрдигин карапайым калк колдоп кубануу менен кабыл алган.

Мындан тышкары, Темике 2007-2010-жылдары кылчайнашкан
саясий кырдаалдарда күрөшчүлдүгүн, эрктүү жана бекемдигин көрсөтүп, эл тарапта болгону — баскан жолундагы ийгилиги жана позицияда бек турганы катары саналат.

Эң башкысы, ал саясий оор сыноолордон өткөн. Ишенимдүү, таза лидер! Көрө албагандар ар кандай ушактарды чыгарып, канчалык "Сариевдин ыры бүттү" деген сайын, анын таскагы катуулап келе жатат.

Булак: "Ачык саясат"
 

Последние новости