www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп турганда Максим Бакиевге таандык, арестте турган жерди «бармак басты, көз кысты кылып» соодалап жибергенге шарт түзүп бергени үчүн Башкы прокурату­ра тарабынан кылмыш иши козголуп, бирок далилдер жетишсиз деген жүйө менен кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп, суудан кургак чыккан Тайырбек Сарпашевдин кылыгы унутта калгандай.

Сарпашевдин кулагы чырлуу иштен чыгып, коомчулук дүргүп жатканда ошол кездеги өкмөт башчы, азыркы кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кызматынан бошотуу гана чарасын көргөн. Андан бери жарым жылдан ашты.

Бош жаткан Тайырбек мырза катуу зериккен көрүнөт: «Азырынча эч кимден эч кандай сунуш ала элекмин. Мамлекетке жакшы эле кызмат кылып бердик, эми деле иш берсе майын чыгарабыз”, – деп шымаланып турган чагы.

Эмне кызмат үмүтөтүп жатты болду экен? Кылмышка шектелип айыпталып, бирок куйругун карматпай кеткендер айланып эле кызматка келе беришеби?

Булак: "Фабула" 

Последние новости